Белгилүү ырчы Демис Руссос дүйнөдөн кайтты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКонцерт Демиса Руссоса в Москве
Концерт Демиса Руссоса в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзүнүн көп жылдык чыгармачылык өмүрүндө Руссос күйөрмандарына бүтүндөй дүйнөгө белгилүү болгон көп ырларды тартуулады. Алардын ичинде унутулгус Goodbye my Love, Goodbye, Forever and Ever, From Souvenirs to Souvenirs, My Only Fascination жана башка көп чыгармалар бар.

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. Атактуу грек ырчысы Демис Руссос жекшемби күнү 68 жаш курагында көз жумду деп билдирет РИА Новости Proto thema гезитине таянуу менен.

Аткаруучунун дүйнөдөн кайтканы тууралуу маалыматты гезит белгилүү шоумен Никос Алайастан алгандыгын жазат. Бирок Руссостун өлүмүнө эмне себеп болгону аталган эмес.

Өзүнүн көп жылдык чыгармачылык өмүрүндө Руссос күйөрмандарына бүтүндөй дүйнөгө белгилүү болгон көп ырларды тартуулады. Алардын ичинде унутулгус Goodbye my Love, Goodbye, Forever and Ever, From Souvenirs to Souvenirs, My Only Fascination жана башка көп чыгармалар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0