Charlie Hebdo журналы өз ишин убактылуу токтотмок болду

© AFP / Patrick HertzogМарш памяти жертв нападения на Charlie Hebdo пройдет в Париже
Марш памяти жертв нападения на Charlie Hebdo пройдет в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналдын редакторлору "жакынкы жумаларда гезит киоскторуна кайра келүүнү" убада кылышты.

БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. Charlie Hebdo француз сатиралык журналынын редакциясы өз басылмасын чыгарууну убактылуу токтотууну чечти деп билдирет РИА Новости.

Өз сайтында журналисттер 12 адамдын өлүмүнө алып келген террористтик актка байланыштуу көрсөткөн колдоолору жана көңүл айтуулары үчүн өз окурмандарына ыраазычылык билдиришкен.

"Биз сиздерди эсибизден чыгарбайбыз жана жакынкы жумаларда гезит киоскторуна кайра келебиз", — деп белгилешет басылманын редакторлору.

Шаршемби күнү, 7-январда, сатиралык журналга куралдуу кол салуунун натыйжасында 12 адам каза таап, 11 адам жарадар болгон. Кол салуу учурунда сегиз журналист жана эки полиция кызматкери курман болгон. Беттерин чүмбөттөп алган террористтер автоматтык куралдан ок атып, андан соң окуя болгон жерден автомобилге отуруп качып кетишкен. Эртеси күнү, 8-январда, Парижден чыга бериш жерде бир киши полиция кызматкерлерине ок атып, натыйжада тартип сакчыларынын бири жарадар болгон. 9-январда жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө үч террорист жок кылынган.

Charlie Hebdo журналынын терактардан кийинки биринчи саны 14-январда чыккан. Анын сырткы бетинде "Мен Шарлимин" деген жазууну кармаган Мухаммед пайгамбардын сүрөтү чыккан. Журналдын бул саны Париждин киоскторунда таң эртеден эле сатылып, калбай калган.

20-январда Бишкекте Charlie Hebdo журналында Мухаммед пайгамбардын карикатурасы чыгышына нааразы болгон мусулмандардын акциясы болуп өткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0