Киевде чабуул коюулар жана ДЭРде ок атуулар —Украинада өткөн күндүн жыйынтыктары

© REUTERS / Valentyn OgirenkoАрхив: Украине
Архив: Украине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДЭРдин ыктыярчылары Донецкте артиллериялык соккулар бир эле мезгилде шаардын бир нече жерине урулуп жатты деп билдиришти. 40тан кем эмес турак-үй жабыркап, үч адам каза болду.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Өткөн күнү Донецктин борборунда кайрадан артиллериялык ок атуулар болду деп билдирет РИА Новости.

Жабыр тарткандар тууралуу азырынча так маалыматтар жок, бирок артиллериялык соккуга шаардын Киев, Куйбышев, Киров жана Петров сыяктуу бир нече району дуушар болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 40тан кем эмес турак-үй жабыркап, үч адам курман болду. Айрым райондордо электр жарыгы, суу жана жылуулук жок.

Ошол эле учурда ЕККУ Донбасстын өзү байкоо жүргүзүп жаткан аймактарында оор куралдардан көп сандагы ок атуулар болгондугун каттаган. Бул тууралуу РИА Новости да ЕККУнун атайын комиссиясы түзгөн баяндамасынын ачык версиясына таянуу менен билдирет.

Комиссия Донецктин Петров жана Ворошилов райондорунда алты жолу ок атуу болгонун каттаган. Жергиликтүү тургундар Петров району жекшемби күнү кечинде ок атууларга дуушар болгонун байкоочуларга билдиришкен. Докладда үч адам курман болгондугу айтылат. 

Ворошилов районунда тургундары комиссия мүчөлөрүнө дүйшөмбү күнү саат 07.45те болгон аткылоолордон бир эркек жана аял көз жумган. Райондо ок атуулар байкоочулар турган жерден 300 метр аралыкта жүргөндүктөн, алар шашылыш кетүүгө аргасыз болушкан. Саат 11.45тен 12.01ге чейин гаубицадан 15 жолу ок атылган. Бул да ЕККУнун баяндамасында белгиленет.

Күч түзүмдөрүнүн көзөмөлү астындагы Новгородскиде жана Сухая Балка шаарчасында турган байкоочулар да өз билдирүүлөрүндө оор техникалардан ок атуулар болгонун белгилешкен. Өкмөттүн көзөмөлү астындагы Бугас айылында 10 турак үй бузулганы катталган.

Дал ошол мезгилде Киевде ыктыярчылар батальондорунун жоокерлери президенттик администрациянын имаратын басып алууга аракет кылышкан. Митингчилер Украинанын коргоо министринен тартып башкы прокуроруна чейин бардык күч жетекчилеринин кетишин талап кылды деп билдирет РИА Новости.

Майдандын өкүлү Камиль Виолетов наарзылык билдирүүчүлөр конституциялык тартип орнотулуп, аскердик абал жарыяланышын каалай тургандыктарын билдирди.

"Бүгүн биз өлкөдө конституциялык тартип орнотулуп, аскердик абалдын жарыяланышын талап кылабыз — бул эң башкысы. Аскердик абалды киргизүү конституциялык тартипти да, коррупцияга каршы күрөштү да алып келет", — деди Виолетов. 

Ошол эле мезгилде украиналык ыктыярчылар батальондору, анын ичинде "Айдар", "Азов" топтору жана алардын жактоочулары митинг учурунда Башкы прокуратуранын имаратын тартып алуу аракетинде чабуул жасашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0