Жер шарындагы эң улгайган киши өзүнүн 112-туулган күнүн белгилейт

© AFP / Japan pool / Jiji PressСамый пожилой мужчина на Земле, японец Сакари Момои
Самый пожилой мужчина на Земле, японец Сакари Момои - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туугандарынын айтымында, мындай кадырлуу курагында салтанаттын ээси тамакты жакшы ичет, мурдагысынча эле активдүү жана, ал тургай, "таза жазуу менен алектенүүдө".

БИШКЕК, 6-фев — Sputnik. Жер шарындагы эң улгайган киши, япониялык Сакари Момои шаршембиде өзүнүн 112-туулган күнүн белгилейт деп билдирет РИА Новости DPA агенттигине таянуу менен.

Дүйнөдөгү эң улгайган киши наамын Гиннесстин рекорддор китебинин версиясы боюнча Момои 2014-жылы июнда Нью-Йорктун 111 жашар тургуну Александер Имич каза болгондон кийин алган. Ал Момоиден бир күн мурун туулган болчу.

DPA агенттиги билдиргендей, Момои туулган күнүн үй-бүлөсү менен белгилейт. Анын 66 жашар уулу атасы куттуктоолорду кубануу менен кабыл алып жатканын айтты. Азыр ал Токионун ооруканаларынын биринде жатканына карабай, өзүнүн сергектик сезимин жоготкон жок. Туугандарынын айтымында, мындай кадырлуу курагында салтанаттын ээси тамакты жакшы ичет, мурдагысынча эле активдүү жана, ал тургай, "таза жазуу менен алектенүүдө".

Өзүнүн узак өмүрүндө Сакари Момои химия мугалими жана мектеп директору болуп Фукусима жана Сайтама префектураларында эмгектенген. 

Ал эми Жер шарындагы эң улгайган аял наамын япониялык Мисао Окава сактап келет деп белгилейт агенттик. Ал Осакада турат жана азыр 116 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0