Белый Дом в Вашингтоне

Обаманын өкүлү ИМге каршы күрөшүүгө жаңы шериктештерди издейт

18
Атайын өкүл кайсы мамлекеттерден шериктештерди издей турганы жөнүндө маалымат жок. Аллендин айтымында, бүгүнкү күндө эл аралык коалицияга мүчө мамлекеттердин саны 62ге жетет.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. Ак үйдүн башчысынын атайын өкүлү Жон Аллен "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө шериктештерди издөө максатында Чыгыш Азия өлкөлөрүн кыдырмакчы деп билдирет РИА Новости.

"Жакынкы арада мен Чыгыш Азия мамлекеттерине барам. Менин максатым эл аралык коалицияга кирүүчү өлкөлөрдүн санын көбөйтүү болуп эсептелет", — деди Аллен Иорданиянын маалымат агенттигине берген маегинде.

Атайын өкүл кайсы мамлекеттерден шериктештерди издей турганы жөнүндө маалымат жок. Аллендин айтымында, бүгүнкү күндө эл аралык коалицияга мүчө мамлекеттердин саны 62ге жетет.

Вашингтон, араб мамлекеттери менен катар дагы башка шериктештеринин колдоосу менен сентябрдын аягында Сирия аймагында ИМ согушчандары жайгашкан деп болжолгон жерлерге, ал эми августта Ирактын аймагында да, авиациялык соккуларды баштаган эле. Бирок Ак үй бул соккуларды Сирия бийлигинин уруксаты жок жүргүзүп жатат.

Обаманын администрациясы расмий Дамасктын аскерлерине да, "Ислам мамлекетинин" аскерлешилген бөлүктөрүнө да каршы күрөшүп жаткан Сириянын оппозициялык куралдуу топторуна колдо көрсөтүүдө. 

ИМ менен күрөшүүнүн айкын фронту азыркыга чейин аныктала элек. Топко каршы Сирия менен Ирактын өкмөттүк күчтөрү, ошондой эле ирактык жана сириялык курддар күрөшүп жатат. АКШ башчылык кылган эл аралык коалициянын көргөн аракеттери азырынча абадан сокку уруулар менен чектелүүдө.

Куралдуу кагылышуулардын натыйжасында курман болгон карапайым тургундардын саны бир нече миңдеп саналат. Жүз миңдеген адамдар аргасыз качкындарга айланып, ал эми дагы бир нече миңи "Ислам мамлекетинин" согушчандарынын барымтасында жатат.

18
Белгилер:
террористтер, Барак Обама, Жон Аллен, Ирак, Сирия, АКШ
Уюлдук станциянын мачтасы. Архив

Быйыл Нур-Султан шаарында 5G интернет ишке кирет

2
(жаңыланган 11:21 07.03.2021)
Өкмөт ал үчүн жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгат. Анын негизинде жыштыктар сынак же аукцион аркылуу бөлүштүрүлөт.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Быйыл Нур-Султан шаарында 5G интернет түйүнү ишке кирет. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министрдин расмий сайтына шилтеме кылып жазып чыкты.

Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмикалык өнөр жай министринин орун басары Асхат Оразбектин айтымында, бешинчи муундагы түйүнгө өтүүгө өлкө аймагындагы байланыш операторлору даяр.

"2022-жылдын аягына чейин 5G түйүнүн республикалык маанидеги башка шаарларга да киргизүүнү пландап жатабыз. Ал эми 2025-жылга чейин бардык облус борборлору камтылат. Биз тараптан мыйзам долбоору ишке кирет. Анын негизинде жыштыктар сынак же аукцион аркылуу бөлүштүрүлөт. Мунун аркасында байланыш операторлору атаандаштыктын негизинде жыштыктарды алып колдоно баштайт", — деди вице-министр.

Ошондой эле ал жеке тараптар жыштыкты сатып алып эки жылга чейин колдонбосо, мамлекет аны тартып ала тургандай ченемдер киргизиле тургандыгын кошумчалады.

2
Белгилер:
5G, өкмөт, интернет, Казакстан
Ит менен сейилдеп жүргөн кыз асман тиреген имараттардын фонунда. Архив

Асман тиреген имаратта жашоо кимдерге кыйынчылык жаратарын дарыгер айтып берди

20
(жаңыланган 10:49 07.03.2021)
Дарыгер кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Мисалы, көп кабаттуу үйгө тепкич менен баруу кимдир бирөөлөр үчүн кыйын.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Асман тиреген имараттарда жашагандар айлананын кооздугуна жакшы көз чаптыра алат, бирок ден соолукка кооптуулук жараларын медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-терапевт Алексей Хухрев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.

Адис кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Маселен, көп кабаттуу үйлөрдүн лифтиси иштебей калса жүрөк-кан тамыр жана башка оорулары бар адамдарда көйгөй болушу ыктымал.

"Жүрөктүн ишемиялык дарты, ашыкча салмак, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары, астмасы барлар тепкич менен узакка көтөрүлө албай кыйналат", — деген Хухрев.

Ошол эле учурда курч кармаган респиратордук инфекцияга кабылып же кулак тунуп жатса иштеген лифт менен жүрүү дагы оорчулукту жаратышы мүмкүн.

"30-кабат болжол менен 100-110 метрди түзөт. Ага лифт менен 10 секундада көтөрүлгөн адам ыңгайсыздыкты сезет", — деп эскерткен дарыгер.

Бирок адис аллергия менен жабыркагандарга бийик кабатта жашоо бир жагынан пайдалуу экенин айткан. Себеби шамал күчтүү аллерген болуп саналган өсүмдүк чаңчаларын болжол менен 15-кабатка чейин эле көтөрө алат.

20
Белгилер:
жүрөк, аллергия, оору, дарыгер, лифт, тепкич, бийиктик, имарат
Тема боюнча
Ден соолукка пайдалуу шорпо аталды
Адам бир күндө жашылча менен жемишти канча көлөмдө жеш керек