Сурамжылоо: кыргызстандыктар көчүп барууга РФтин кайсы аймактарын тандашат?

© Sputnik / Юрий Кавер / Медиабанкка өтүүАрхив: набережная Воронежа
Архив: набережная Воронежа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда жашоо үчүн жер тандоодо кыргызстандыктарды биринчи кезекте аймактын социалдык-экономикалык шарттары, иш орундарынын болушу жана акыркы кезекте аба ырайынын шарты кызыктырат.

БИШКЕК, 10-фев — Sputnik. Жыл сайын кыргызстандыктар Россияга Чет мамлекеттерде жашоочу мекендештерди көчүрүү программасы боюнча кетип турушат.

Архив. Мигранттар. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар Рязань облусуна көчүп барып, жайгаша алат
РФтин Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча көчүп кетип жаткан мекендештер — эмгекке жарамдуу курактагылар. Алсак, көчүп кеткендердин 36 пайызын 18-30 жаштагылар; ал эми 34 пайызын 30-40 жаштагылар; 18,6 пайызын болсо 40-50 жаштагылар түзөт.

Россия Федерациясына туруктуу жашоого көчүп кетүүнү каалоочулар программага киргизилген ар түрдүү аймактарды тандашат. Sputnik кетүүгө камынып "чемоданда отурган" адамдардын жана жаңы жерге көчүп кеткендердин арасында сурамжылоо жүргүздү. Башкы суроо аймактарды кайсы принцип боюнча тандагандары жөнүндө болду. 

Илья Лохтин, куруучу-монтажчы:

— Үй-бүлөбүз менен чогуу Воронежди тандап алдык. Мени ал жакка досторум чакырышып, алар мага жакшы иш таап коюшкан. Көчүрүү программасын биз жарым-жартылай эле пайдаландык, себеби жарандык берүүчү документтерди тезирээк алыш керек болду. Жубайым көчүп барууга карата документерди үч айда толтуруп алды.

Бул аймакта мени кызыктырган баа саясаты болду. Бул жерде баары Бишкекке караганда арзан. Азыр курулуш күчөп турган убак, ошон үчүн менин кесибиме суроо-талап көп. Көчүү жөнүндө акыркы чечимди кабыл алардан мурун мен Воронежде бир жыл жашадым. Мага аба ырайы да, россиялыктардын көчүп келгендерге мамилеси да жакты. Мага жана үй-бүлөмө бул жерде жашоо жагат деп ойлойм. 

Елизавета Лесникова, тейлөө тармагынын кызматкери:

— Россияга көчүп кетели деп чечкенден кийини, аймакты тандоодо биз үй-бүлөбүз менен бир нече принципке таяндык: социалдык-экономикалык жакшы шарттардын болушу, надистик боюнча иш орундарынын болушу, ошондой эле Россияга туруктуу жашоого көчүп кеткен туугандарга жакыныраак болуу.

Социалдык түйүндөрдө көпкө чейин иликтөө жүргүзүп, көчүп кеткендер менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Новосибирскти тандап алдык. Биз Мекендештерди көчүрүү программасы боюнча бара жаткандыктан, бизге социалдык төлөмдөр каралган. Бирок алар биз үчүн башкысы эмес болчу, ал болгону жөн эле жагымдуу кошумча. 

Мага шаар өзү жакты. Ал жаш жана жандуу. Биз жолдошум экөөбүз өз адисбиз боюнча иш таптык. Жакында биз жаңы мекенибизге кетебиз.

Жаңы жашоо шартына, сибирликтердин биздин менталитеттен айырмаланган кулк-мүнөзүнө көнүш керектигин түшүнөм. Өзүмдүн кыял-мүнөзүмдү да өзгөрткөнгө туура келет. 

Денис Вольф, журналист:

— Россияга көчүп кетүү жөнүндө чечим бир жагынан күтүүсүз болду. Өз жашоомдо бир нерсени өзгөртүш керек деген түшүнүк пайда болду. Ага бир нече фактор себеп. Жубайым менен РФке эс алууга барып, Москвада, Питерде, анан Воронежде болдук. Кызыкчылык үчүн бардык жерден иш сурап көрдүк, бирок чет элдикти Воронежде эле ишке алышты. Ошон үчүн биз ал жакка көчүп кетүүнү чечтик. Анан калса, ал жакта аялымдын туугандары да жашайт.

Биз Көчүп баруу программасы боюнча жайгашкан жокпуз. Мен жөн эле жаңы кесиптештеримдин биринде каттоого туруп, убактылуу жашоого уруксат алдым. Анан жарым жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келгенде, көчүп кетүүнү толук чечтим. Документтерди программа боюнча даярдай баштадым. Эң чоң артыкчылыгы ал программа боюнча автоунааны бажы акысыз алып өтүүгө болот экен. 

Аймак мени толук канааттандырат, иште эч көйгөй жок, Россиянын жарандары менен дээрлик тең укуктарым бар. Бирок добуш гана бербейм. Бирок, баса, бир көйгөйгө туш болдум: ФМС органдарында бардык документтерди убагында толук толтуруп алуу мүмкүн эмес. Ар кандай далилкат алыш үчүн көпкө чейин кезекте туруш керек. Керектүү да, кереги жок да кагаздын баарын КРде камдап алыш керек экен. Бул жумуш издөөнү жеңилдетип, көчүп баруу процессинен убагында өтүүгө жардам болот.

Елена Куприянова, event-менеджер:

— Мен кыргыз жарандыгымды россиялыкка алмаштырууну жумуштагы кыйынчылыктардын айынан чечтим. Калининград областын программа боюнча аймактардын ичинен көзүмдү жумуп туруп эле тандап алдым. Мен ал кезде эмне кайсы жерде жайгашканын жакшы деле билчү эмесмин. Жана бул анклав экени оюма да келбептир. Болгону Европа "жолдун аркы бетинде" экенин билчүмүн. Мага жакканы, программага арыз берип жатканда Калининград областы артыкчылык орунда болчу. Башкача айтканда, колдоо иретиндеги акчанын көлөмү чоң болчу, жатакана жана, ал тургай, кайсы бир иш орундары да берилип жаткан. 

Калган жакшы жактарын көчүп келгенден кийин көрдүм. Бул жерде биздин туугандарыбыз да, досторубуз да жок болчу. Көчүрүү программасы убада кылгандын баарын алдым: белгиленген мөөнөтө жарандык, Россиянын паспорту, бардык төлөмдөр.

Жумушту көчүп келгенден 1.5 айдан кийин таптым. Жарандыгы жок ишке орношуу өтө кыйын, бирок мүмкүн. Мени расмий түрдө Россиянын жараны боло электе эле ишке алышты. Каатчылыкка карабай, иш табууга болот. Азыр мен бул жерди тандап алганыма эч өкүнбөйм.

Жаңылыктар түрмөгү
0