АКШда ИМдин лидери аль-Багдадинин документтери ачыкка чыгарылды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүБолельщик сборной США. Архивное фото
Болельщик сборной США. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ибрагим Авад Ибрагим аль-Бадри (анык аты аль-Багдади) боюнча маалыматтар 2004-жылы ИМдин болочок лидери күч кызматтарынын көзөмөлү астында турган досуна барган кезде топтоло баштаган.

БИШКЕК, 20-фев — Sputnik. АКШ аскерлери "Ислам мамлектинин" лидери деп болжолгон Абу Бакра аль-Багдадиге тиешелүү айрым документтерди ачыкка чыгарды. 

Business Insider басылмасына түшкөн бул документтер аль-Багдади 2004-жылы бир жылга жакын Ирактагы америкалык түрмөдө жактанда түзүлгөн болчу. Кагаздарда анын өз аты Ибрагим Авад Ибрагим аль-Бадри (Ibrahim Awad Ibrahim Al Badry) аталган. Эксперттердин пикиринде он жыл мурун аль-Багдади кокусунан эле күч кызматтарынын көзөмөлү астында турган досуна барган кезде кармалып калган.

Кармалуучунун картасында аль-Багдадинин жасаган жумушу "административдик иш/катчы" деп көрсөтүлгөн. Жазууга ылайык, ал 2014-жылы 43 жашта болчу, бирок төрөлгөн күнү, айы АКШнын цензурасы тарабынан аль-Багдадинин таекесинен башка бардык жакын туугандары жөнүндө маалыматтар менен кошо алып салынган.

Сириянын президенти ИМге каршы биргелешип күрөшүүгө макул, бирок коалицияда эмес
Ирак менен Сириянын орчундуу аймактарын басып алган "Ислам мамлекетинин" күч алышы 2014-жылы дүйнөнүн башкы көйгөйүнө айланды. АКШнын БЧБнын маалыматы боюнча 30 миңге жакын согушчандар кирчү бул топ өзү басып алган жерлерде халифаттын орногондугун жарыялаган жана өз таасири алдындагы аянтты кеңейтүү аракетин көрүүдө. 

ИМ менен күрөшүүнүн айкын фронту азыркыга чейин аныктала элек. Топко каршы эл аралык коалициядан сырткары Сирия менен Ирактын өкмөттүк күчтөрү, ошондой эле ирактык жана сириялык курддар күрөшүп жатат. Согуш аракеттеринин натыйжасында бир нече миң карапайым тургун каза таап, жүз миңдеген адамдар качкынга айланып, дагы бир нече миңи ИМдин барымтасында жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0