Города мира. Токио

Японияда кол таңгыч түрүндөгү дененин жылулуугун көрсөткүчтү ойлоп табышты

23
(жаңыланган 17:09 24.02.2015)
Токио университетинде ойлонуп табылган жабдык күн жылуулугун тартуучу панел түрүндөгү өз алдынча азыктандыргыч менен камтылган. Ошондой эле анын үн белгилисин бергичи бар жана организм үчүн маанилүү болгон кан тамырларынын кагыш тездигине жана дененин жылуулугуна байкоо жүргүзөт.

БИШКЕК, 24-фев — Sputnik. Кол таңгыч түрүндө жасалган денени жылулуугун көрөткүчтү Токио университетинин адистери ойлоп тапты деп кабарлайт РИА Новости University of Tokyo билдирүүсүнө таянуу менен.

Жабдык узундугу үч сантиметр, туурасы 18 сантиметр таңгыч түрүндө жасалган. Ал органикалык элементтердин негизинде иштейт, күн панели түрүндөгү өз алдынча азыктандыргыч менен камтылган. Ошондой эле анын үн белгилисин бергичи бар жана организм үчүн маанилүү болгон кан тамырларынын кагыш тездигине жана дененин жылуулугуна байкоо жүргүзөт.

23
Белгилер:
Токио, Япония, University of Tokyo
КМШ желектери. Архивдик сүрөт

Бишкекте КМШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолукту. Эмне талкууланды

15
(жаңыланган 16:23 23.10.2021)
Кеңешмеде КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга география жактан жакын экенин эске алуу менен бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн XI аймактык эксперттик кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен КМШнын коопсуздук көйгөйлөр боюнча илимий изилдөө институтунун эксперттери катышкан.

"Жыйындын алкагында Афганистанда ички саясий кырдаалдын курчушунда Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ыкчам абалынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга географиялык жактан жакын экени, андан улам элге терроризм идеологиясын жайылтуу, экстремисттик жана террордук  иштерге тартуу коркунучу жаралып жатканы айтылды", — деп жазылган маалыматта.

Иш-чаранын катышуучулары бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен:

  • Борбор Азиядагы террордук, экстремисттик уюмдардын жана мыйзамсыз куралдуу топтордун абалына жана ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторинг боюнча маалымат алмашуу;
  • жан кечтилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн аныктоо үчүн миграциялык агымдарды тактоо;
  • террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасап, жазадан качкандарга мамлекеттер аралык издөө жарыялоодо координацияланган иш-чараларды жүргүзүү.
15
Белгилер:
УКМК, КМШ, коопсуздук, терроризм
Тема боюнча
Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот
УКМК эмнеге унчукпай отурушу керек. Жапаров атайын кызматтардын тыңшоосу боюнча айтты
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Россиялыктар арасында бир апталык эс алууда Кыргызстанга келгиси келгендер бар

201
(жаңыланган 23:15 22.10.2021)
Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин дем алыш жарыялаган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Россиянын саякаттоо сервиси боюнча анализ жүргүзгөн Туту.ру сайты алдыдагы бир апталык деп алышта жарандар кайсы мамлекеттерге көбүрөөк бара турганын жарыялады.

Россиянын жашоочулары 30-октябрдан тарта 7-ноябрга чейин барып келүүнү пландаган алдыңкы 10 мамлекеттин ичинде Кыргызстан дагы бар.

Россиялыктар барууну пландаган өлкөлөрдүн ондугу (эл аралык авиакаттамдарга билет алгандардын жалпы санынан пайыз менен бөлүп көрсөтүлөт):

  • Өзбекстан — 16,6 пайыз;
  • Армения — 14,1;
  • Түркия — 13,5;
  • Кыргызстан — 9,6;
  • Азербайжан — 6,6;
  • Молдова — 6,1;
  • Беларусь — 4,4;
  • Кипр — 3;
  • Казакстан — 2,8;
  • Египет — 1.

Эске салсак, Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу жарыялаган. Ошондой эле ал абал жакшырбаса, дем алыштын мөөнөтү узартыларын кошумчалады.

201
Белгилер:
Россия, пандемия, эс алуу, билет, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиялыктар коронавирустан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алмай болду
Москвада коронавирустан улам бир катар чектөөлөр кирди. Тизме
Кикбоксчу Алексей Федосеев. Архивдик сүрөт

Италиядан кикбоксчулар Федосеев, Бегматов коло, Фозилжанов күмүш медаль алды. Сүрөт

0
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган. Азыр үч спортчу медаль алды, анын бирөө Алексей Федосеев.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Италиянын Лидо шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында бир күмүш жана эки коло медалга татыды. Бул тууралуу КРдин Кикбокс федерациясынын социалдык тармактагы баракчасы маалымат чыгарды. 

Күмүш байгени К-1 боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында Икбол Фозилжанов алды.

Ал үч беттешти катары менен камсыздап, финалга чыккан. Анда россиялык Виктор Михайловго калыстардын чечими менен утулуп, экинчи орунга татыган.

Алексей Федосеев "лоу-кик" боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында ат салышкан. Ал биринчи кармашын утуп, экинчисинде жеңилип калган. Натыйжада ал коло медалга ээ болгон.

Ошондой эле дагы бир кыргызстандык спортчу Чыңгыз Бегматов үчүнчү орунга татыды.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Италия, Алексей Федосеев, кикбоксинг, спорт, дүйнө чемпионаты
Тема боюнча
Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат