Кытай жакында АКШга каршылык көрсөтө алат деп жазат Conversation

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын жана Кытайнын желектери
Россиянын жана Кытайнын желектери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын The Conversation журналы дүйнөнүн эң ири мамлекеттеринен болгон Россия менен Кытайдын кызматташуусуна Батыштын Кремлге каршы саясаты себеп болду деп эсептейт.

БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. Американын The Conversation журналы өзүнүн аскер кубаттуулугун күчөтүп жаткан Кытай жакынкы арада АКШга каршылык көрсөтө алат деп эсептейт деп билдирет РИА Новости.

Эл аралык валюталык фонддун эксперттери жүргүзгөн талдоонун маалыматтары Американын сатып алуучулук жөндөмү Кытайдыкынан өтө артта калып жаткандыгын көрсөтөт. Россия өз тарабынан Кытайдын кубаттуулугун өстүрүп жана өз аймагында лидер болууга умтулууларына колдоо көрсөтүп жатат. Дүйнөнүн эң ири мамлекеттеринен болгон Россия менен Кытайдын кызматташуусуна Батыштын РФке каршы саясаты себеп болду. 

Россиянын КЭР муктаж болгон бардык зарыл ресурстары бар. Кытайдын колунда да Россияга сунуштай турганы бар, мисалы, рынокторго чыгуу жолдору менен чет элдик инвестициялар. Дал ушулар эки өлкө эмне үчүн өз ара пайдалуу жакын мамилелерди түзүп жаткандыгын түшүндүрөт. 

Андан тышкары, мамлекеттердин геосаясий көз караштары окшош: Кытай АКШнын Түштүк-Кытай деңизинде таасирине каршы; Россия болсо өзүнүн таасири астындагы аймактарга Батыштын кийлишигүүсүн каалабайт.

РФке каршы жаңы санкцияларды киргизүү, Украинага куралжарак берүү аракеттеринде Америка Россия менен Кытайдын өз ара мамилелерине геосаясий таасир көрсөтүп жаткандыгын ойлогон жери жок деп жазат басылма. 

Америкалык эксперт-талдоочулардын пикири боюнча, АКШ Кремль менен касташам деп, РФ менен КЭРдин жакындашуусуна жардам берип "геосаясий ката" кетирип жатат. Америка үчүн Кытай эң күчтүү геосаясий сынак болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0