Назарбаев өз талапкерлигин коюуну пландаган эмес, бирок андан "суранып жатышат"

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүНурсултан Назарбаев. Архив
Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Казакстандын эли мамлекет башчысын шайлоого катышууну андан суранып жатышат деп билдирди. Нурсултан Назарбаев дагы бир президенттик мөөнөт анын планына кирген эмес деп айтты.

БИШКЕК, 6-мар — Sputnik. Нурсултан Назарбаев өзүнүн планында мындай ой жок экендигине карабай, алдыда турган президенттик шайлоого катышуусун сурап ага күн сайын жарандар кайрылып жаткандыгын билдирет деп кабарлайт РИА Новости.

Өз билдирүүсүн казак лидери алдыдагы аялдар майрамына байланыштуу чогулган өлкө коомчулугунун алдында жасады.

"Өзүңүздөр билгендей, шайлоого карата иш-чаралар башталды. Бул идея негизинен аялдарга тиешелүү. Мага бул демилгени колдоосун билдирген миңдеген жарандардан кат келүүдө. Дагы менин пландарым такыр башка болчу экенине карабай, өз талапкерлигимди коюумду сурап жатышат. Мамлекеттик жетекчиси болуп туруп, декорацияны өзгөртсөк кандай болот деп ойлогон элем?" — дейт Назарбаев.

Эл башчысы Сингапурдун президенти Ли Куан Ю ордунан кетип жатып өз ыктыяры менен президенттиктен баш тартуусунун себептерин айткан эле дейт. 

"Ал: "Мен 30 жылдан ашык ушул мамлекетти башкарып келдим. Акыркы кездерде өзүмдү телевизордон көрүп алып, өзүмө өзүм жакпай бара жатканымды сездим" деген", — деп эскерет казак лидери.

Президент өзүнүн шайлоого катышуусу тууралуу чогулган айымдардын пикирин угууга даяр экендигин айтты.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды 26 жылдан бери жетектеп келет. 1989-жылы ал Казак Республикасынын Компартиясынын Борбордук комитетинин башчылыгына келген, ал эми СССР тарагандан кийин президент болуп шайланган.

Казахстандын жетекчисин шайлоо үстүдөгү жылдын 26-апрелине белгиленген. Бул бешинчи жолку шайлоо болот. Мурунку жалпы элдик добуш берүү 2011-жылы өтүп, ал дагы мөөнөтүнөн мурда болгон. Ал 2012-жылы өтүшү керек болчу, бирок шайлоону Назарбаев өзү жылдырган. Анда президент өзүнүн ыйгарымдарын референдум аркылуу 2020-жылга чейин узартуу тууралуу элдик демилгеге макул болбой, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү жарыялап, анын натыйжасында шайлоочулардын 95,55 пайыз добушуна ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0