Вашингтондогу Ак үйгө почтадан конвертке салынган цианид келди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүГорода мира. Вашингтон
Города мира. Вашингтон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул окуя боюнча тергөө жүрүп жатат. Конверттин ичиндеги заттын үлгүсү андан аркы изилдөө үчүн башка мекемеге жеткирилди.

БИШКЕК, 18-мар — Sputnik. Белгисиз бир адам Вашингтондогу Ак үйгө почта аркылуу кат жиберген. Анда божомолдоолор боюнча цианид салынган деп билдирет РИА Новости CNN телеканалына таянуу менен.

"Дүйшөмбү күнү, 16-мартта, конверт Ак үйдүн почтаны карап текшерүү кызматына келип түшкөн. Баштапкы биологиялык тестте божомолдоолор ырасталган эмес, бирок 17-мартта жасалган химиялык текшерүү конверттин ичиндеги цианид болушу мүмкүн деген тыянакты берди", — деп айтылат Жашыруун кызматтын расмий өкүлү Брайан Лиринин билдирүүсүндө деп айтты CNN.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ак үйдүн почтаны карап текшерүү кызматынын конвертти ачкан адамы жабыр тарткан эмес. 

Окуяны тергөө жүрүп жатат. Конверттин ичиндеги заттын үлгүсү андан аркы изилдөө үчүн башка мекемеге жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0