NYT: ИМ өлтүрүүнү көздөгөн АКШнын аскер кызматкерлеринин тизмесин Интернетке чыгарды

© AFP / JM LOPEZФлаг сторонников Исламского государства. Архивное фото
Флаг сторонников Исламского государства. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террористтер жүз кишинин атынан турган тизме менен кошо ал адамдар Сирияда, Иракта, Йеменде жана башка мамлекеттерде согушчандарды жок кылуу боюнча операцияларга катышкан деген маалымат берген.

БИШКЕК, 24-мар — Sputnik. "Ислам мамлекетинин" террористтери интернетке өзүлөрү өлтүрүүнү пландап жаткан АКШнын аскер кызматкерлеринин аты-жөнүн сүрөттөрү менен кошо чыгарган деп билдирет РИА Новости New York Times гезитине таянуу менен.

"Болочок курмандыктардын" маалыматында алардын даректери да берилген.

Террористтер жүз кишинин атынан турган тизме менен кошо аталган адамдар Сирияда, Иракта, Йеменде жана башка мамлекеттерде согушчандарды жок кылуу боюнча операцияларга катышкан деген маалымат берген.

ИМ Тажикстандын чек арасына жакын жерде активдешип жатат деп эсептейт
АКШнын Коргоо министрлиги менен ФТБ бул ишти тергеп жатат деп билдирет басылма.

New York Times белгилегендей, АКШнын даректери камтылган маалымат өкмөттүн ресурстарынан уурдалган. Бул маалыматтын булагы, кыязы, социалдык түйүндөр болду дейт АКШнын Коргоо министрлигинин кызматчыларынын бири.

Макалада америкалык аскерлердин арасында террористтерге каршы атайын операцияга катышпагандар да бар экендиги белгиленет. Кеп Луизиана жана Түндүк Дакота штаттарында жайгашкан Б-52 аба экипажынын аскерлери жөнүндө болуп жатат.

"Ислам мамлекети" террористтик уюму 2014-жылы Ирак менен Сириянын олуттуу жерлерин басып алгандан кийин дүйнөлүк коркунучка айланды. Жихадчылардын карамагына өткөн аймактар "халифаттын жери" деп жарыяланган. Террористтер өз ээликтерин андан ары да кеңейте тургандыгын билдиришкен. ИМдин катарында 30 миңден ашык согушчандар бар экендигин АКШнын БЧБ ырастайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0