Документти 348 мыйзам чыгаруучу колдоп, 48 гана конгрессмен каршы добуш берди.
Резолюцияда америкалык лидерге "Киевге өлтүрө турган ок атуучу курал жиберүү боюнча конгрессмендер берген ыйгарым укукту пайдалануу" кеңеши жолдолгон.
Резолюциянын текстин жазган конгрессмендер алардын иш-аракеттерин "көз карандысыз, демократиялык жана гүлдөгөн Украинанын эгемендүүлүгүнө кам көрүү" катары баалаш керек деген ишеничте.
Миңдеген адамдардын өлүмүнө документтин авторлору Россияны күнөөлөйт. Бирок РФ качкындардын көпчүлүгү үчүн баш калка бергендиги тууралуу кеп кылынган эмес.
"Нормандиялык төртиликтин" акыркы жолугушуу натыйжалары
2015-жылдын 12-февралында Минскте Россиянын, Германиянын, Франциянын жана Украинанын президенттеринин жолугушуусу болгон. Анын максаты Украинадагы, атап айтканда, Донбасстагы чыр-чатакты жөнгө салуу болчу. Узакка созулган сүйлөшүүлөр "Минск сүйлөшүүлөрүн аткаруу боюнча иш-чаралар комплекси" — 15-февралда түнкү саат 00.00дө ок атууларды ткототуу каралган документти кабыл алуу менен аяктаган эле. Анын дагы бир маанилүү пункту оор куралдарды четке алып чыгып, тынчтык тилкесин түзүү болчу.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Run the Silk road Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону World Athletics (Жеңил атлетика федерациясынын эл аралык ассоциациясы) уюмунун календарлык мелдештерине киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Эми спортчулар аталган марафондон тийиштүү нормативди аткарып Олимпиада оюндарына, Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына лицензияларды ала алышат.
"Мындай жетишкендик өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясы Эл аралык марафон дирекциясы менен биргеликте жасаган жигердүү аракеттеринин натыйжасында ишке ашкан. Эл аралык марафон трассасы сертификациядан өттү. Эми мелдештер Дүйнөлүк жеңил атлетика уюмунун эрежелерине ылайык өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Run the Silk road IX Ысык-Көл эл аралык ШКУ марафону 2021-жылдын 15-майында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.