Ирандан санкциялар алынган соң, РФ С-300 боюнча келишимге кайра кайрылышы мүмкүн

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАскер. Архив
Аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк курал сатууну талдоо борборунун маалыматы боюнча, Тегерандан куралга байланышкан санкциялар алына турган болсо, Россиядан курал-жарак сатып алууга Ирандын суроо-талабы азыр болжол менен 11-13 миллиард долларга бааланат.

БИШКЕК, 8-апр.— Sputnik. Ирандан куралга байланыштуу санкциялардын алынышы Россияга аталган өлкө менен аскердик-техникалык кызматташтыкты (АТС) улантуу мүмкүнчүлүгүн берет. 

Мындай учурда РФ жаңы техникаларды, анын ичинде абадан соккуга каршы коргонуу каражаттарын жана пайдалануудагы курал-жабдыктарды жаңыртууну сунуштай алат деп билдирет РИА Новости "Ростех" корпорациясынын эл аралык кызматташтык департаментинин жетекчиси Виктор Кладовго таянуу менен.

Дүйнөлүк курал сатууну талдоо борборунун (ДКСТБ) маалыматына ылайык, Тегерандан куралга байланышкан санкциялар алына турган болсо, Россиядан курал-жарак сатып алууга Ирандын суроо-талабы азыр болжол менен 11-13 миллиард долларга бааланат.

"АТС тармагында Иран биздин мурдатан берки шериктешибиз болуп эсептелет. Албетте куралга карата санкциялар алына турган болсо, биз мындай кызматташтыкты улантып, жаңы курал-жарактардын түрүн, ошондой эле ал өлкөдө колдонуудагы советтик жана россиялык техниканы оңдоп жаңыртуу иштерин сунуштайбыз", — дейт Кладов. 

Ал совет мезгилинде "Варшавянка" сыяктуу суу астындагы кемелерден тартып Т-72 танкына чейин түрдүү куралдар Иранга сатылганын, алар бүгүнкү күндө оңдоп жаңыртууга жана тетиктерге муктаж экендигин эскерди. 

Иранга С-300 куралын сатуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып жатып, Кладов Россия "абадан кол салууга каршы коргонуу каражаттарына бай" экендигин белгиледи. "Биз баштапкы келишимге кайрылып, же талаган багыттагы башка комплекстер менен системаларды сунуштай алабыз", — деди "Ростехтин" өкүлү.

Жакында Россиянын аскер-техникалык кызматташтык боюнча Федералдык кызматынын (АТК ФК) директору Александр Фомин РФ Иранга каршы санкциялардын алынышына кызыга тургандыгын жана Тегеран менен ар түрдүү багыттарда кызматташууга даяр экендигин билдирген.

2007-жылы Россия ракета чыгаруучу 40 жабдуунун курамында С-300ПМУ-1 беш дивизонун сатууга Иран менен 800 миллион долларга жакын суммага келишим түзгөн болчу. 2010-жылы Иранга каршы киргизилген санкциялардын натыйжасында аталган келишимди аткаруу токтоп калган. Ошондон соң Ислам республикасы "Рособоронэкспорттун" үстүнөн Женеванын (Швейцария) үчтүктөр сотуна арыз берген. РФ "Тор-М1Э" ЗРК сатууну убада кылып, маселени өз ара келишүүчлүк жолу менен чечүүнү сунуштаган.

Россия менен Ирандын ортосундагы аскер-техникалык кызматташтык 1989, 1990 жана 1991-жылдары кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдерге негизделген. Алар боюнча Москва Тегеранга МиГ-29, Су-24МК учактарын, дизелдик жана электр менен иштөөчү суу астында сүзө турган 877ЭКМ долбоорундагы кемелерди (алар үчүн жээке туруу объекттеринин курулушу менен кошо), С-200ВЭ абадан кол салууга каршы коргонуу комплекстерин сатууга, ошондой эле Т-72 танкы менен жөө аскерлер үчүн БМП-2 машинасын лицензиялуу чыгарууну жөнгө салууга милдеттүү болчу. Мындан тышкары, БУУ санкцияларын киргизгенге чейин Россия Иранга Ми-171 тик учактарынны партиясын, чабуул коюучу бир нече Су-25 УБК учагы менен Ми-17 тик учактарын, ошондой эле жакынкы алыстыкка атуучу 29 "Тор-М1" зениттик-ракеталык комплексин сатууга үлгүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0