Тажикстандын Улуттук банкы өлкөнүн акча алмаштыруучу менчик жайларын жапты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТУБ өлкөнүн акча алмыштыруучу менчик жайларын жапты
ТУБ өлкөнүн акча алмыштыруучу менчик жайларын жапты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул чара валюталык рынокто туруктуулукту, улуттук валютаны колдоону жана насыя берүүчү компаниялардын кардарларынын кызыкчылыгын коргоону камсыз кылат деп билдирди Тажикстандын Улуттук банкынын маалымат кызмат башчысы Абдугавор Курбанов.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Тажикстандын Улуттук банкы 17-апрелден тартып өлкөдөгү бардык акча аламаштыруучу менчик жайлардын ишин токтотту деп билдирет РИА Новости Тажикстандын Улуттук банкынын маалымат кызматына таянуу менен.

Банктын маалымат кызмат башчысы Абдугавор Курбанов Тажикстанда 1-апрелге карата 1 миң 581 акча алмаштыруу жайы иштеп жатканын айтат. Алардын 818и жеке адамдарга тешелүү, ал эми 763ү насыя берүүчү банктардын колунда болчу.

"Бул чара валюталык рынокто туруктуулукту, улуттук валютаны колдоону жана насыя берүүчү компаниялардын кардарларынын кызыкчылыгын коргоону камсыз кылат", — деди Курбанов.

Кредиттик компаниялар аркылуу акча алмаштыруучу жайлардын ишин жөнгө салуу жеңил, себеби каржы мекемелери АКШ долларын накталай сатуу боюнча бардык операцияларды өзгөчө тартипте сактап, сатып алуучулардын ким экенин тастыктай турган бардык маалыматтарды жазып турууга милдеттенишкенин баса белгилейт Тажикстандын Улуттук банкынын маалымат кызмат башчысы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0