Европа Украинада окуяларды чагылдыруу объективдүү жүрүп жатканына күмөн санайт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүГлазго шаары. Архив
Глазго шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, Германияда сурамжылого алынгандардын жарымынан көбү жана Грецияда респонденттердин басымдуу бөлүгү Украинанын түштүк-чыгышындагы окуялар боюнча алдыңкы ЖМКлардын кабарларына ишенбейт.

БИШКЕК, 21-апр — Sputnik. Sputnik мультимедиалуу жаңылыктар агенттиги Британиянын белгилүү ICM Reseacrh изилдөө компаниясы менен биргеликте өткөргөн эл аралык "Sputnik.Пикирлер" сурамжылоосу Украинадагы каатчылыкты калыс жана анык чагылдыруу жагынан Улуу Британияда, Францияда, Германияда, АКШда жана Грецияда жарандардын өз өлкөлөрүндөгү ЖМКларга ишенүү деңгээлин көрсөттү.

Изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, Германияда сурамжылого алынгандардын жарымынан көбү жана Грецияда респонденттердин басымдуу бөлүгү Украинанын түштүк-чыгышындагы окуялар боюнча алдыңкы ЖМКлардын кабарларына ишенбейт. Улуттук жана улуттар аралык ЖМКлардын аталган суроо боюнча объективдүүлүгүнө француздардын дээрлик жарымы жана британиялыктардын үчтөн бири күмөн санайт.
“Украинадагы каатчылыкты калыс жана анык чагылдыруу жагынан өз өлкөңүздүн ЖМКларына канчалык ишенесиз?” деген суроого респонденттердин жарымынан көбү (54%) өз өлкөлөрүндөгү алдыңкы ЖМКларга жалпысынан ишенбей тургандарын жооп кылышкан. ӨЗ ЖМКларга сурамжылангандардын 4%ы гана толук ишенет.

Өлкөнүн алдыңкы ЖМКлары Грецияда баарынан көп ишенбестикти жаратат. Анда изилдөөгө катышкандардын басымдуу бөлүгү —  76%ы — "такыр ишенбейм" (23%) же "ишенбейм десем болот" (53%) деп жооп берген. Германияда да өлкөнүн алдыңкы ЖМКларына ишенбестик жогору, ал жакта да тургундардын жарымынан көбү —  57%ы – Украинадагы окуяларга байланышкан ЖМК маалыматтарына "такыр ишенбейм" (15%) же "ишенбейм десем болот" (42%) деп жооп берген. Француздардын арасында Украина каатчылыгы тууралуу кабарларга ишенгендер менен ишенбегендердин саны дээрлик бирдей, башкача айтканда, ишенгендер 47%ды жана ишенбегендлер 40%ды түзөт.

Башкаларга салыштыргандан Улуу Британиянын алдыңкы ЖМКлары өз жарандары арасында баарынан көп ишеним жаратат. Алардын 33%ы гана өз ЖМКларга ишенип болбойт десе, 55% тургундар Британиянын ЖМКлары Украинадагы окуяларды калыс жана туура чагылдырып жатат деген пикирде.

Сурамжылоо ICM Research компаниясы тарабынан 2015-жылдын 20-мартынан 9-апрелине чейин Улуу Британияда, Францияда, Германияда, АКШда жана Грецияда жүргүзүлгөн. Сурамжылоого 5001 адам катышты (1001 респондент – Грецияда, калган өлкөлөрдө 1000 ден адам). Ар бир өлкө боюнча сурамжылоого тандалып алынгандар жынысы, жаш-курагы, жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет.

"Sputnik.Пикирлер" долбоору тууралуу маалымдама

Коомдук пикирди иликтөө боюнча эл аралык долбоор 2014-жылдын июлунда башталып, ага Британиянын белгилүү ICM Reseacrh изилдөө компаниясы өнөктөш болгон. "Sputnik.Пикирлер" долбоорунун алкагында эң көйгөйлүү социалдык жана саясий маселелер боюнча Европа өлкөлөрүндө жана АКШда коомдук пикирге карата үзгүлтүксүз сурамжылоолор жүрүп турат.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдөгү мультимедиалык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттары, аналогдук жана сан ариптик радио берүүлөрдү, уюлдук тиркемелери жана социалдык түйүндөрдө беттерди камтыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0