Курскта Кыргызстанга Польшадан алынып келе жаткан 20 тонна алма кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКурскта Кыргызстанга Польшадан алынып келе жаткан 20 тонна алма кармалды
Курскта Кыргызстанга Польшадан алынып келе жаткан 20 тонна алма кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курск бажысынын "Крупец" өтмөгүнө Украина тараптан келген автоунаанын айдоочусу алма Польшадан КРге ташылып келе жатканы жөнүндө документтерди көрсөткөн.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Курск шаарынын (Россия) бажы кызматы Кыргызстанга Польшадан алынып келе жаткан 20 тонна алманы кармашты деп билдирет РФтин Борбордук бажы башкармалыгынын маалымат кызматы.

Өткөн жылдын августунда Россияга каршы санкцияларды кабыл алган батыш өлкөлөрүнө каршы РФ бир катар товарларды импорттоого чек койгон. Тыюу салынган товарлардын тизмесине мөмө-жемиш жана жашылча өндүрүмдөрү да кирген болчу. 

Маалымат кызматы билдиргендей, бажылык текшерүүдө автоунаада жалпы салмагы 20 тонна болгон алма атайын жыгач ящиктерге салынып келе жатканы табылган. Аларда орус жана англис тилинде: "Golden алмалары, чыккан өлкөсү — Польша", "PRINCE сортундагы алмалар, чыккан өлкөсү — Польша" деп жазылган экен.

Айдоочу алмаларды апрелдин башында Польшадан жүктөгөнүн, Россия аркылуу Польшанын айыл чарба өндүрүмдөрүн ташып өтүүгө тыюуу салынганын эч белбегенин айтты. 

Бажы мыйзамдарын бузгандык үчүн украиналык жүк ташуучу ири айыпка жыгылат. Тыюу салынган товар болсо Украинанын аймагына кайтарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0