Балтимордогу нааразылык акциялары

Афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки Балтимордогу акция учурунда 34 адам кармалды

27
(жаңыланган 10:38 27.04.2015)
Акциянын жүрүшүндө көпчүлүк дүкөндөрдүн айнектери талкаланып, полициянын бир нече машиналарына жана башка мүлккө зыян келтирилген. Алты тартип сакчысы анча чоң эмес жаракат алышкан. Аптанын аягына чейин Балтимордо сакчылар күчөтүлгөн тартипте кызматын улантат.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Афроамерикалыктын өлүмүнөн кийин Балтимордо нааразылык акцияларынын жүрүшүндө кармалгандардын саны 34 адамга жетти деп билдирет РИА Новости Breaking911 порталына таянуу менен.

Мурдараак 12 адам кармалганы тууралуу айтылган.

Breaking911 порталы кабарлагандай, полиция кызматкерлери 34 адамды кармашты. Тополоң учурунда алты тартип сакчысы анча олуттуу эмес жаракат алышып, көпчүлүк дүкөндөрдүн айнектери талкаланып, полициянын бир нече машиналарына жана башка мүлккө зыян келтирилгени айтылууда.

Порталдын маалыматына ылайык, аптанын аягына чейин Балтимордо сакчылар күчөтүрөлгөн тартипте кызматын улантат.

25 жашар афроамерикалык Фредди Грейдин өлүмү менен бүткөн окуя Балтимордо 12-апрелде болгон. Грейди полиция кызматкерлери камакка алышкан. Азырынча окуянын себептери айтылган жок, бирок полиция башкармалыгынын жетекчилери тартип сакчылары "баңги затка байланышкан окуялар көп болуучу кылмыштуулук күч алган аймакта иштегенин, алар Грейди кымыш ишине тиешеси бар деп чечишкенин" билдиршити.

Белгилүү маалыматтарга ылайык, Грей полицядан жашырып калууга аракет кылган, бирок алар аны кармап, микроавтобуска алып барышкан. Андан соң алар тез жардамды чакырып, ал кармалуучуну ооурканага алып кеткен. Кечирээк белгилүү болгондой, Грейдин омурткасы сынган, ал эсин жоготуп, клиникалык өлүмгө дуушар болгон. Дарыгерлер ага операция жасап, бирок өткөн жекшемби күнү Грей көз жумган.

Балтимордун бийлиги шаар тургундарына тергөөнүн жыйынтыктары 1-майга чейин жарыяланат деп билдиришти.

27
Белгилер:
АКШ
Тема боюнча
Sputnik америкалыктардын полицияга ишеним деңгээлин аныктады
АКШ полициясы бир айда өлтүргөн кишинин саны Англиянын полициясы бир кылымда өлтүргөндөн ашат