Журналист тынчтык орнотуучу миссионерлердин арасындагы педофилия жөнүндө айтып берди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЖаш баланын колу. Архив
Жаш баланын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макаланы жазууга Африкада кичине балдарды зордуктагандык үчүн айыпталган 14 француз аскери себеп болду. Алар жергиликтүү калкка жардам берүү үчүн жөнөтүлгөн болчу.

БИШКЕК, 8-мая — Sputnik. РИА Новости журналисти Светлана Холоднова Африкага тынчтык орнотууга жиберилүүчү жоокерлер педофилия менен көп алек болгону жөнүндө макала жазган.

Афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки Балтимордогу акция учурунда 34 адам кармалды
Макаланы жазууга Африкада кичине балдарды зордуктагандык үчүн айыпталган 14 француз аскери себеп болду. Алар жергиликтүү калкка жардам берүү үчүн жөнөтүлгөн болчу. Атап айтканда, алардын милдетине азык-түлүк жеткирип берүү кирген. Бирок, анык болгондой, жоокерлер айрым африкалык өспүрүмдөрдү алган тамагы үчүн секс менен эсептешүүгө мажбурлашкан.

Холоднова белгилегендей, мындай балдардын ичинде 10 жашка чыга электер да бар. Бирок бул окуя эки жыл мурда болгонуна карабай, азыр гана ачыкка чыгып жатат.

Британиянын "Гардиан" гезити африкалык алты кичине баланын берген көрсөтмөлөрү жазылган БУУнун жашыруун документери журналисттердин колуна түшүп калганын билдирет. Бирок узак убакыт бою эч ким тергөө жүргүзгөн эмес. Өткөн жылы Франциянын Коргоо министрлиги зомбулук факттарын текшерүүнү баштаган. Бирок, журналисттин айтымында, бул ишти анча каалосуз аткарышкан.

Холоднова ушундай эле кылмыштарды БУУнун жана Уругвайдын тынчтык орнотуучу жоокерлери 2008 жана 2011-жылдары ошол эле Африкада жасашканын билдирет. Ал эми батыштын тынчтык орнотуучуларын азыр Киев өз өлкөсүн тартипке келтирүүгө чакырып жатканын баса белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0