"Ислам мамлекетинин" башчысы аль-Багдадиге тиешелүү делген кайрылуу таратылды

© REUTERS / THAIER AL-SUDANIИслам мамлекетинин флагы. Архив
Ислам мамлекетинин флагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аудио жазуудагы үн ага тиешелүү экендигине расмий тастыктамалар жок, бирок андагы үн өзүн аль-Багдадимин деп атап,араб өлкөлөрүнүн Йеменде коалиция түзүү кампаниясы тууралуу тарапташтарына кайрылуу жасаган.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. "Ислам мамлекети" радикалдуу тобу бейшембиде бир нече айдан бери дымы чыкпай калган Абу Бакр аль-Багдадинин үнү деген аудио жазуу менен кайрылуу таратты. Бул туурасында РИА Новости билдирет.

Лавров: бүгүнкү күнү Ислам мамлекети уюму – биздин башкы душманыбыз
Апрель айында Guardian басылмасы Ислам мамлекетинин башчысы Абу Бакр аль-Багдади 18-мартта учактын бомбалоосунан оор жарадар болгондугун жана ал аталган радикалдык уюмга көзөмөл кыла албай калганын жазган. Бирок Пентагон аны тастыктай алган эмес. Кийинчерээк согушчандардын жетекчилери Абу Аля аль-Афри аттуу майдандашын "халиф" көтөргөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыккан.

Ирак менен Сирияга бекем орношуп алган "Ислам мамлекети" учурда дүйнөнүн баш оорусу болуп турат. ЦРУнун маалыматында учурда ал жерде 30 миңге жакын согушкерлер бар. Ал уюм Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга жакын жайгашканын  эске алганда, ал биздин өлкө үчүн да көйгөй жаратууда. Кыргызстандын тиешелүү кызматтары менен органдары буга чеийн Сирияга 339 адам кетип, алардын 50гө жакыны аялдар экенин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0