Миландагы кыргыз павильону чоң кызыгуу жаратты

© Фото / Тимур ВоиновМиландагы кыргыз павильону. Архив
Миландагы кыргыз павильону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын кооздугу жана улуттук өзгөчөлүгү келген меймандарды суктандырды.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Миланда өтүп жаткан "Экспо-2015" көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонуна келген коноктордун саны абдан көп экенин Кыргызстандын кантри-офицери Тимур Войнов билдирди.

Анын айтымында, павильондун ачылышы учурунда болгон айрым тоскоолдуктар жоюлуп, бүгүн келүүчүлөрдүн саны жогорулаганы байкалат.

"Биздин экспозициянын жасалгасы жана заманбап техникалык инсталляциясы коноктордун кызыгуусун жаратты. Алардын жылуу сөзүн угуу, албетте, абдан жагымдуу болду. Башка павильондорго салыштырмалуу биздин павильонду узакка кыдырышканын байкоого болот", — дейт Войнов. 

© Фото / Тимур ВоиновМиланда өтүп жаткан "Экспо-2015" көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонуна келген коноктор.
1/4
Миланда өтүп жаткан "Экспо-2015" көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонуна келген коноктор.
© Фото / Тимур ВоиновМеймандар көбүнесе Кыргызстандын видеороликте чагылдырылган кооздугу жана улуттук колоритине кызыгышууда.
2/4
Меймандар көбүнесе Кыргызстандын видеороликте чагылдырылган кооздугу жана улуттук колоритине кызыгышууда.
© Фото / Тимур ВоиновЭКСПО-2015 Италиянын Милан шаарында 1-майдан 31-октябрга чейин өтөт.
3/4
ЭКСПО-2015 Италиянын Милан шаарында 1-майдан 31-октябрга чейин өтөт.
© Фото / Тимур ВоиновВидеоролик Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарында квадракоптер жана башка заманбап техниканын жардамы менен тартылган
4/4
Видеоролик Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарында квадракоптер жана башка заманбап техниканын жардамы менен тартылган
1/4
Миланда өтүп жаткан "Экспо-2015" көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонуна келген коноктор.
2/4
Меймандар көбүнесе Кыргызстандын видеороликте чагылдырылган кооздугу жана улуттук колоритине кызыгышууда.
3/4
ЭКСПО-2015 Италиянын Милан шаарында 1-майдан 31-октябрга чейин өтөт.
4/4
Видеоролик Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарында квадракоптер жана башка заманбап техниканын жардамы менен тартылган

Кантри-офицер алдын ала эсептер боюнча кыргыз павильонун эки миллионго жакын адам көрө турганын белгиледи. Меймандар көбүнесе Кыргызстандын видеороликте чагылдырылган кооздугу жана улуттук колоритине кызыгышууда. 

"Бет ачар видеоролик эки айда даярдалып, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарында квадракоптер жана башка заманбап техниканын жардамы менен тартылды", — дейт Войнов.

ЭКСПО-2015 Италиянын Милан шаарында 1-майдан 31-октябрга чейин өтөт.

ЭКСПО-2015: италиялыктардын оозун ачырган кыргызстандыктар
"ЭКСПО-2015" "Планетаны тойгузуу. Жашоо үчүн күч-кубат" деген ураан алдында тамак-аш азыктарындагы саамалыктарды, чыгармачылыкты, салтты чагылдырган өзгөчө окуя катары бааланууда.

Көргөзмөгө катышуучу мамлекеттердин павильондору эки чарчы километрге чукул аянтты ээлейт. Болжол менен көргөзмөгө 30 млн. адамдын келүүсү күтүлүүдө.

Алгачкы жолу Европа мамлекеттери өз экспозицияларын 1851-жылы Лондондо өткөн "ЭКСПО" эл аралык көргөзмөгө алып чыгышкан. Дүйнөлүк масштабдагы иш-чара беш жылда бир жолу өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0