Европа гректердин карызын төлөөгө даяр эмес

© ARIS MESSINISГреция жана Европа биримдигинин желеги. Архив
Греция жана Европа биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо ICM Research агенттиги тарабынан Sputnik жаңылыктар агенттиги үчүн 2015-жылдын 20-мартынан 9-апрелине чейин Британияда, Францияда, Германияда жана Грецияда жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүк респонденттери Греция өз карыздарын Европа биримдигинин катышуусу жок, өзү төлөшү керек деп эсептейт. Бул тууралуу Британиянын ICM Research изилдөө агенттиги тарабынан Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу үчүн "Sputnik.Пикир" долбоору боюнча жүргүзгөн кезектеги сурамжылоонун натыйжаларында белгилүү болду.

Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын тургундары альтернативалуу көз караштарды угууну каалайт
Орто эсеп менен сурамжылоого катышкандардын 51 пайызы ушундай ойдо. Бул пикирди баарынан көп колдоочулар Улуу Британияда – 62 пайызы, жана Германияда – 69 пайызы, экени аныкталды. Француздардын арасында мындай пикирди жактоочулардын саны 50 пайызды түздү. 

Ал эми Грециянын тургундары башка көз карашта — "Сиздин пикириңизче, Грециянын карыз милдеттемелерин ким өзүнө алышы керек" деген суроого, респонденттердин 55 пайызы карыздарды жөн гана чийип салыш керек деген ойго макулдугун билдиришкен. Гректердин 25 пайызы гана өлкө өз карызын өзү төлөш керек деп эсептейт. Ал эми сурамжылоого катышкандардын сегиз пайызы Грециянын карыздары үчүн Европанын борбордук банкы, Эл аралык валюталык фонд, Европалык комиссия жооптуу болушу керек деп эсептейт. Ал эми респонденттердин алты пайызы Грециянын карыздарын Европа биримдиги төлөшү керек деген ишеничте. 

"Кандай дейсиз, Сиздин өлкө евродон баш тартып, өзүнүн мурдагы улуттук валютасын кайтарышы керекпи?" деген суроого сурамжыланган европалыктардын жарымынан бир аз гана ашыгы (53 пайыз) алардын өлкөсүнө евродон баш таратуунун жана өзүнүн улуттук валютасын кайтарунун кереги жок деп эсептейт. Европа валютасынан баш тартууну колдоочулар Германияда эң көп экени аныкталды, немис маркасын кайра кайтарууну колдогондор респонденттердин 39 пайызын түзөт. Улуттук акчаны кайра киргизүүн жактоочулар Грецияда 24 пайыз жана Францияда 29 пайыз болду.

Грециянын карыздарына жана евродон баш тартууга карата европалыктардын мамилеси
Сурамжылоо ICM Research агенттиги тарабынан Sputnik жаңылыктар агенттиги үчүн 2015-жылдын 20-мартынан 9-апрелине чейин Британияда, Францияда, Германияда жана Грецияда жүргүзүлгөн. 

Бардыгы болуп Грециянын карызы боюнча сурамжылоого 4001 (Грецияда 1001, калган бардык өлкөлөрдө 1000ден) адам, ал эми евро аймагынан чыгуу жөнүндө сурамжылоого 3001 (Грецияда 1001, Германия менен Францияда 1000ден) адам катышкан. Ар бир өлкө боюнча сурамжылоого тандалып алынгандар жынысы, жаш-курагы жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет. Ишенимдүүлүктүн 95 пайызы мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1 пайызды түзөт.

Европа гректердин карызын төлөөгө даяр эмес
Европа гректердин карызын төлөөгө даяр эмес - Sputnik Кыргызстан
Европа гректердин карызын төлөөгө даяр эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0