Россиянын Газпром корпорациясы Түрк агымы газ түтүгүн курулушу. Архивное фото

Stratfor: Россия Европага карай газ түтүгүн курууга киришет

47
(жаңыланган 12:32 29.05.2015)
Stratfor эксперттери долбоорду ишке ашырууга Европа тараптан Италиядагы Saipem жана Германиядагы Europipe энергия компаниялар макул болгонун баса белгилешти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Россиянын "Газпром" корпорациясы "Түрк агымы" газ түтүгүн курулушун создуктурбай, ЕБге көгүлтүр отту төрт жылдан кем убакытта Украинанын аймагынан тышкары жол менен берүүнү ниет кылууда деп билдирет РИА Новости Американын Stratfor иликтөө-серепчилик менчик компаниясына таянуу менен.

Stratfor эксперттери долбоорду ишке ашырууга Европа тараптан Италиядагы Saipem гана Германиядагы Europipe энергия компаниялар макул болгонун баса белгилешти.

"РФ суу алдындагы газ түтүгүн орнотууну июнда баштоо пландалганын билдирди. "Газпром" да ал түтүк Уркаинаны айланып өтүп, транзитке "Түрк агымы" аркылуу кошуларын ЕБге билдирди, — деп айтылат макалада.

"Түрк агымын" толук куруу Stratfor айтымында, чоң эмгекти талап кылуучу процесс. Россия өз пландарын ишке ашырууда саясий жана каржылык жактан түрдүү кыйынчылыктарга туш болот деп болжойт серепчилер. Ошентсе да, Москванын чечкиндүүлүгү "долбоорду пландоодо мүмкүн боло турган бардык коопчулуктар ойлонулган" деген пикирди жаратат.

Мурдараак индиялык серепчи Мелкулангара Бхадракумар Россиянын энергетикасы өз таасирин жоготуп, Европа тарап газ берүү жөнөүндө Москва менен сүйлөшүүлөрдө өзү үчүн ыңгайлуу орунду ээлейт деген божомолдоону четке каккан. Өз божомолун ал газды сатып алуучуга берүүнүн азыркы колдонулуп жаткан ыкмасына эмес, газ хабдарын пайдаланууга байланышкан РФтин стратегиясы менен түшүндүргөн. Бул Россия газын арзан кылып, анын атаандаштык жөндөмүн бир топ жогорулатат.

Өз пикиринде саясат таануучу америкалык Jamestown Foundation борборуна да шилтеме жасайт. Аталган борбор өзүнүн отчеттук талдоосунда Россия менен Түркиянын энергетикага байланыштуу биригише турганын алдын ала айткан болчу.

47
Белгилер:
Россия, Түркия, Украина, Германия, Италия, Мелкулангара Бхадракумар, Stratfor, курулуш, газ, Газ түтүгү
Тема боюнча
Бишкектин батыш тарабында төрт күнгө газ өчүрүлөт
"Газпром Кыргызстан" келишимдерди кайра түзүү мөөнөтүн майдын аягына чейин узартты
Газпром: Киев газ үчүн алдын ала төлөгөн жок, газ берүү токтотулушу мүмкүн
КМШ желектери. Архивдик сүрөт

Бишкекте КМШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолукту. Эмне талкууланды

20
(жаңыланган 16:23 23.10.2021)
Кеңешмеде КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга география жактан жакын экенин эске алуу менен бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн XI аймактык эксперттик кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен КМШнын коопсуздук көйгөйлөр боюнча илимий изилдөө институтунун эксперттери катышкан.

"Жыйындын алкагында Афганистанда ички саясий кырдаалдын курчушунда Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ыкчам абалынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга географиялык жактан жакын экени, андан улам элге терроризм идеологиясын жайылтуу, экстремисттик жана террордук  иштерге тартуу коркунучу жаралып жатканы айтылды", — деп жазылган маалыматта.

Иш-чаранын катышуучулары бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен:

  • Борбор Азиядагы террордук, экстремисттик уюмдардын жана мыйзамсыз куралдуу топтордун абалына жана ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторинг боюнча маалымат алмашуу;
  • жан кечтилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн аныктоо үчүн миграциялык агымдарды тактоо;
  • террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасап, жазадан качкандарга мамлекеттер аралык издөө жарыялоодо координацияланган иш-чараларды жүргүзүү.
20
Белгилер:
УКМК, КМШ, коопсуздук, терроризм
Тема боюнча
Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот
УКМК эмнеге унчукпай отурушу керек. Жапаров атайын кызматтардын тыңшоосу боюнча айтты
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Россиялыктар арасында бир апталык эс алууда Кыргызстанга келгиси келгендер бар

202
(жаңыланган 23:15 22.10.2021)
Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин дем алыш жарыялаган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Россиянын саякаттоо сервиси боюнча анализ жүргүзгөн Туту.ру сайты алдыдагы бир апталык деп алышта жарандар кайсы мамлекеттерге көбүрөөк бара турганын жарыялады.

Россиянын жашоочулары 30-октябрдан тарта 7-ноябрга чейин барып келүүнү пландаган алдыңкы 10 мамлекеттин ичинде Кыргызстан дагы бар.

Россиялыктар барууну пландаган өлкөлөрдүн ондугу (эл аралык авиакаттамдарга билет алгандардын жалпы санынан пайыз менен бөлүп көрсөтүлөт):

  • Өзбекстан — 16,6 пайыз;
  • Армения — 14,1;
  • Түркия — 13,5;
  • Кыргызстан — 9,6;
  • Азербайжан — 6,6;
  • Молдова — 6,1;
  • Беларусь — 4,4;
  • Кипр — 3;
  • Казакстан — 2,8;
  • Египет — 1.

Эске салсак, Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу жарыялаган. Ошондой эле ал абал жакшырбаса, дем алыштын мөөнөтү узартыларын кошумчалады.

202
Белгилер:
Россия, пандемия, эс алуу, билет, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиялыктар коронавирустан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алмай болду
Москвада коронавирустан улам бир катар чектөөлөр кирди. Тизме
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Кесипкөйлүгүңүздөр азыр өтө маанилүү. Жапаров дипломаттарды куттуктады

15
(жаңыланган 17:53 23.10.2021)
Президент бүгүнкү эл аралык татаал кырдаалда дипломаттардын кесипкөйлүгүн, чет элдик өнөктөштөр менен тил табыша билүүсү өтө маанилүү экендигин айткан.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Өлкөбүздүн тышкы саясат кызматы өзүнүн бай тарыхы менен сыймыктана алат. Кыргыз дипломаттары бүгүнкү күндө улуттук кызыкчылыктарды коргоонун алдыңкы сабында туруп, дүйнөдө тынчтыкты чыңдоого, эң маанилүү глобалдык жана региондук маселелерди чечүүгө салым кошууда. Республикабыздын Тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгүндө кыргыз дипломаттары жогорку кесипкөйлүгүн жана ата мекенине берилген кызматын далилдешип, улуттук кызыкчылыктарды коргоп, эл аралык аренада КРдин позициясын бекемдөөдө", — деп айтылган куттуктоодо.

Мамлекет башчы мындан сырткары ардагер дипломаттардын эмгегин белгилеген.

"Тышкы иштер кызматынын ардагерлеринин жана кызматкерлеринин мамлекетибиздин калыптанышына кошкон салымы баа жеткис", — деген Жапаров.

Президент бүгүнкү эл аралык татаал кырдаалда дипломаттардын кесипкөйлүгүн, чет элдик өнөктөштөр менен тил табыша билүүсү өтө маанилүү экендигин айткан.

Күн тартибинде тынчтыкты сактоо, стратегиялык стабилдүүлүктү чыңдоо, кризис жана конфликтилерди саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечүү, евразиялык интеграцияга көмөктөшүү маселелери турарын белгилеген. Буга эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, ошону менен бирге эл аралык уюмдардын алкагында өз ара иштешүүнү кошкон.

Жапаров экономикалык дипломатияны өнүктүрүүнү улантуу керектигин, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгын айткан.

15
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, куттуктоо, дипломат
Тема боюнча
ТИМ жетекчиси Россиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту