ӨКМ: Москвадагы ири жол кырсыгынан каза болгондордун экөөсү кыргызстандыктар

© Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва шаарындагы Киев кан жолунун 22-чакырымында 1-июнда "Тойота", "Хюндай" жана ВАЗ-2114 автоунаалары кагышып, бир нече киши каза болгон болчу.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Москвада 1-июнда болгон ири жол кырсыгынан каза болгондордун арасында эки кыргызстандык бар экенин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Тез жардам берүү автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Полиция: кыргызстандыктар катышкан жол кырсыктан жабыркагандардын абалы оор
Москва шаарында 1-июнда Москва убактысы боюнча Киев кан жолунун "Тойота-Альфард" үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери 25-14 SAL) кичиавтобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 4 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.

Буга чейин жол кырсыгынан каза болгондор башка мамлекеттин жарандары экени маалымдалган. 

ӨКМдин маалыматына ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен эки Кыргызстандын жараны каза болгон. Алар:

 

  • 1978-жылы туулган В. А. Аветисян, Кыргызстандын жараны;
  • 1975-жылы туулган Е. А. Исакова, Кыргызстандын жараны;

 

Азият улутундагы ким экендиги такталбаган, бир аял жана бир эркек.

Жабыркагандар:

 

  • 32 жаштагы Ш. К. Исаева, Москвадагы Боткин атындагы ооруканада;
  • 23 жаштагы Т. К. Масалиев, Москва шаардык №1 ооруканасында;
  • 48 жаштагы Д. У. Исмаилова, Москва шаардык №1 ооруканасында.

 

Жабыркагандардын кайсы мамлекеттин жараны экендиги такталууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0