Аскер кылмыш фактыларын далилдөөгө смартфон тиркемелери көмөк болот

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүСмартфон. Архив
Смартфон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы тиркеме видеону жиберүүчүнүн турган жерин, тасма тартылган күнүн жана убактысын жазып алат. Маалымат укук коргоочулардын маалымат топтомуна келип түшөт.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Сматрфондор үчүн жаңы тиркеменин жардамы менен кагылышуулар жүрүп жаткан мамлекеттердин эли кылмыштар тууралуу анык маалыматтарды бере алат деп билдирет РИА Новости "Рейтер" агенттигине таянуу менен. 

Архив: Ленинградский вокзал - Sputnik Кыргызстан
Россиянын 14 шаарында вокзалдарда жардыргыч жөнүндө полицияга телефон чалышкан
Азырынча зомбулук тууралуу айтып жаткан окуяларга күбө болгондордун көпчүлүк сүрөттөрү менен видеолору жасалма эмес деп расмий таанылбай турганын Адвокаттардын эл аралык палатасынын (IBA) өкүлдөрү белгилешет. Адистер иштеп чыккан EyeWitness to Atrocities (Мыкаачылык кылмыштын күбөлөрү) тиркемеси мыйзам бузуучуларды жоопко тартууда укук коргоочуларга көмөк болот.

Жаңы тиркеме видеону жиберүүчүнүн турган жерин, тасма тартылган күнүн жана убактысын жазып алат. Андан тышкары, гаджет эң жакын жерде Wi-Fi кайда бар экенин көрсөтөт. Мунун баары акыры укук коргоочулардын маалымат топтомдоруна келип түшөт. 

IBA аталган тиркемени бүтүндөй дүйнөгө жайылтууну ниет кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0