Царнаевдердин кыргызстандык досу 2,5 жылга эркинен ажырады

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыптоочу тараптын версиясы боюнча Матанов ага-ини Царнаевдер менен теракт алдында бирге тамактанган. Бирок бул фактыны ал тергөө учурунда жашырып койгон. Чындыкты айткандан кийин Матанов 2,5 жылга соттолду.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Бостондогу теракт үчүн өлүм жазасын алган Жохар Царнаевдин дагы бир досу тергөө учурунда маалымат жашырганы үчүн 2,5 жылга эркинен ажыратылганын Бостон сотуна таянуу менен РИА Новости агенттиги билдирет.

Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, Хайрулложан Матанов ага-ини Царнаевдер менен теракт алдында бирге тамактанган. Бирок ал бул маалыматты тергөөчүлөргө айткан эмес. Мындан тышкары, Царнаевдер менен тааныштыгы бар экенин далилдеген материалдардын баарын өздүк компьютеринен өчүрүп салган. АКШга Кыргызстандан барган Матанов күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташууну чечкен.

Бейшемби күнү сот процесси учурунда Матанов тергөөчүлөргө калп айтканы үчүн кечирим сурады. Сотту алып барып жаткан судья Уильям Янг айыпталуучу Матанов теракт тууралуу кабары болбогонун билдирди.

"Сен даярдалып жаткан бомбалар тууралуу билбегениң чын, бирок бизге сенин жардамың керек эле", — деген Янгдын сөздөрүн CBS каналы келтирет.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жохар Царнаев өлүм жазасына өкүм кылынды
2013-жылдын 15-апрелинде Бостондо эл аралык марафон учурунда эки жардыруу болуп, анын натыйжасында үч адам өлүп, 200дөн ашууну жаракат алган. Терактты уюштурууда ага-ини Тамерлан жана Жохар Царнаедер күнөөлөнүүдө. Жохар 20-апрелде кармалган. Ал эми Тамерлан 19-апрелде полиция менен атышуудан каза болгон. Жохар Царнаев үстүбүздөгү жылдын май айында өлүм жазасына буйрулган.

Буга чейин Царнаевдин эки казакстандык жана бир америкалык досу соттун чечими менен үч жылдан алты жылга чейин эркинен ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0