Foreign Policy: ЕБ үчүн жаман кабар — Россия Грецияны куткарып калышы мүмкүн

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүВладимир Путин менен Алексис Ципрас. Архив
Владимир Путин менен Алексис Ципрас. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европанын лидерлери Афинага каржылык жардам берүүдөн баш тарта турган болсо, Россиянын президенти Владимир Путиндин Грецияда фанаттары тез эле көбөйөт деп жазат Foreign Policy.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Греция бийлиги Россиядан жардам алышы мүмкүн, бул болсо америкалык жана европалык лидерлерге жакпай калат деген Foreign Policy журналынын сөздөрүн берет РИА Новости.

"Россия эли үчүн президент Владимир Путин баатыр болуп эсептелет, себеби ал Батышка каршы турууда. Бирок ал көп сандагы эллин фанаттарына да ээ боло алат, жана бул АКШ менен Европа үчүн жаман кабар", — деп жазган FP.

Греция европа аймагынан чыгып калышы мүмкүн болгон кооптуу шартта премьер-министр Алексис Ципрас Россияга жардам сурап кайрылышы ыктымал.

Азыркыга чейин Россия европалык каржы кризисинен тышкары болуп келген. Бирок "грек баш катырмасы" ал жакка кийлигишүүгө себеп болушу мүмкүн деп жазат басылма. Эгер Москва мындай кадамга бара турган болсо, беш жылдык экономикалык каатчылык геосаясий мүнөзгө ээ болот деп айтылат макалада.

"Кокустан эле Россияга жагына баштаган Греция менен Европанын иш алып барышын каалабайсыңар да", — деген ишеничте Эл аралык мамилелер боюнча америкалык кеңештин улук илимий кызматкери Себастьян Маллаби. Ал ошондой эле Греция НАТОго мүчө мамлекет экенин да баса белгилейт.

Владимир Путин менен Алексис Ципрастын жолугушуусу алдында вице-премьер Аркадий Дворкович Москва Афинаны куткарар-куткарбасы жөнүндө "конкреттүү чечимдер жөнүндө айта албасын" билдирген эле.

"Бул Германиянын канцлери Ангела Меркелди оор абалга коёт", — деп ойлойт макаланын автору.

Басылма ырастагандай, Меркелдин өзүнүн консервативдүү партиясы, Германиянын калкы жана Франкфурттагы банкирлер, эгер Афина реформа жүргүзүү чакырыгына ынанбай турган болсо, Греция үчүн мындан ары акча короткулары келбесин билдиришти. Бирок ал Европа биримдигинин ичинде бүтүндүктү сактоону талап кылып жаткан Вашингтондун кысымы астында турат. Ал болсо санкциялар жөнүндө кеп болуп жатканда пландарынын бузулушуна жол бербейт.

"Батыш Европа Грециядан мойнун буруп кетсе, Путинге жакшы белек тиет деген ой Меркелди эч кубандырбайт", — деп эсептейт Себастьян Маллаби.

Европа гректердин карызын төлөөгө даяр эмес
Ошол эле учурда Греция жана анын өнөктөштөрү экономикалык кармаштын аягына чыгып бара жаткандай. Анын натыйжасы Европанын валюталык клубунан Афинанын чыгып калышына алып келиши ыктымал экенин белгилейт FP.

РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков белгилегендей, Владимир Путин Грециянын каржылык абалын өлкөнүн премьер-министри Алексис Ципрас менен жолугушуу учурунда талкууламакчы. Жолугушуу РФ президентинин 19-июнда Санкт-Петербургда экономикалык форумдун пленардык отурумунда чыгып сүйлөгөндөн кийин болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0