Брюссель шаары. Архив

Грециянын жаңы сунуштарын Брюссель прогресс үчүн "жакшы негиз" деп атады

52
(жаңыланган 17:18 22.06.2015)
Грециянын карызына байланышкан маселени талкуу үчүн евро аймагынын кезексиз жыйыны 22-июнда Брюсселде өтүп жатат. Афинага жардам көрсөтүү программасы 30-июнда аяктайт, ал эми дефолт 1-июлда эле жарыяланышы мүмкүн.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Брюссель Грециянын жаңы сунуштарын дүйшөмбүдө болуучу евро аймагынын кезексиз саммити ийгиликтүү болушуна "жакшы негиз" деп атаганы туурасында Жан-Клод Юнкердин кабинетинин башчысы Мартин Сельмайер билдирген.

Жекшемби күнү болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас Германиянын канцлери Ангела Меркелге, Франциянын президенти Франсуа Олландга жана Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкерге "өз ара пайдалуу боло турган жана маселени кийинкиге калтырбай, азыр толук чечилишин камсыз кылуучу" жаңы сунуштарын бергени кабарланган болчу.

"Жаңы грек сунуштарды Жан-Клод Юнкер, (ЭВФтин аткаруучу директору) Кристин Лагард жана Европанын борбордук банкы алган. Бул евро аймагындагы саммитте ийгиликке жетишүүгө жакшы негиз болот", — деп жазган Сельмайер Twitter бетиндеги жеке баракчасында.

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск 22-июнда Грециянын карызына байланышкан маселени талкуу үчүн евро аймагынын кезексиз жыйынын чакырды. Тусктун айтымында, "ГРециядагы абалды жогорку саясий деңгээлде токтоосуз талкуулоо мезгили жетти".

Греция өзүнүн 240 миллиард евродон ашык карызын жөнгө салуу боюнча ЕБ жана ЭВФ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Аталган карыз 2010 жана 2012-жылдарда өлкөнүн бюджеттин дефолттон сактап калуу аракеттеринен кийин пайда болгон. Катуу үнөмчүлдүк Грецияга өз карыздарын төлөөгө мүмкүндүк берет деген кредит берүүчүлөрдүн божомолу өзүн актаган жок. Январда бийликке келген СИРИЗА партиясынын өкмөтү насыя бергендер менен жаңы сүйлөшүүлөрдү талап кылды. Бирок узакка созулуп кеткен бул сүйлөшүүлөр эмне менен бүтөрү белгисиз.

52
Белгилер:
дефолт, сүйлөшүүлөр, карыз, СИРИЗА, Мартин Сельмайер, Алексис Ципрас, Дональд Туск, Евро аймагы, Греция, Брюссель
Тема боюнча
Робертс: Греция АКШнын Евразиядагы үстөмдүгү жөнүндө доктринасын кыйрата алат
Грециянын карыздарына жана евродон баш тартууга карата европалыктардын мамилеси
Гвинея президенти Альфа Конде. Архивдик сүрөт

Гвинея президенти COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын сайдырды

35
(жаңыланган 13:23 17.01.2021)
Гвинеянын мамлекеттик телеканалы өткөн аптада президент өзүнүн борбордук сарайында COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын сайдырып жатканы боюнча репортаж жасаган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Африка өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен Гвинея президенти Альфа Конде коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасын алгандыгын "Известия" кабарлады.

"Мамлекет башчы менен кошо өкмөттүн мүчөлөрү да "Спутник V" вакцинасын алды", — деп жазган басылма.

Гвинеянын мамлекеттик телеканалы өткөн аптада Альфа Конде өзүнүн борбордук сарайында COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын сайдырып жатканы боюнча репортаж жасаган.

Сюжетте мамлекеттин башчысы коронавируска каршы күрөштө жарандарга үлгү болгон кадам жасаганы айтылган. Портал эмдөө сынамык вакцинациялоонун экинчи этабынын алкагында болгонун кабарлаган.

Гвинея Африка өлкөлөрүнүн ичинен "Спутник V" вакцинасын колдоно баштагандардын бири болду. 30-декабрда аталган өлкөнүн жогорку кызматта турган жетекчилеринин тобу россиялык вакцинаны сайдырышкан.

Россия лиреди Владимир Путин 11-августта Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирусту алдын алуучу дарыны иштеп чыгып каттоого алганын жар салган. Вакцина "Спутник V" деп аталган. Бул вакцина Россия, Беларусь, Сербия, Аргентина жана Боливия мамлекеттеринде жактырылган. Учурда аны өз жарандары үчүн алууга ынтызар болгон мамлекеттердин саны арбып бара жатат.

35
Белгилер:
вакцина, президент, Спутник V, Гвинея, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Министрлик: Кыргызстанга АКШ вакцинасы сунушталды, бирок анын бир кемчилиги бар
"Спутник V" Африкага жетти. Россиялык вакцинага эмнеге мынча ишеним артылууда
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана лиганын президенти Дана Уайт. Архивдик сүрөт

Эки беттешти күтүп жатам. Хабиб UFC башчысына кандай шартта спортко кайтарын айтты

181
(жаңыланган 12:52 17.01.2021)
Россиялык спортчунун шарттары Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин, Дэн Хукер менен Майк Чендлердин кармашынан көз каранды экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мушкерлер UFC уюмунун чемпиондук куруна татыктуу экенин чындап көрсөтө алышса октагонго кайтам. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов лиганын президенти Дана Уайтка билдиргенин Eurosport жазды.

Ишемби күнү Уайт менен Нурмагомедов жабык эшик артында сүйлөшүштү. UFC башчысынын айтымында, ага Хабиб спортто жетиштүү ийгиликти багындырганын, кайра кайтууга шык бере турчу деле нерсе жок экенин билдирген. Бирок ал Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин, Дэн Хукер менен Майк Чендлердин кармашына көз саларын белгилеген.

"Жеңил салмактагы ушул беттештерди көрөйүн деп күтүп жатам. Балдар кызыктуу кармаш тартуулап, мага чыныгы атаандаш экенин көрсөтө алышса сегиз бурчтукка кайтам", — деген Нурмагомедов.

Россиялык мушкер октябрда америкалык Жастин Гэтжини утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.

Нурмагомедов дагы UFC жетекчиси анын октагонго кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатканын билдирген. 

181
Белгилер:
мушкер, октагон, спорт, Дана Уайт, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб кандай учурда октагонго кайтышы мүмкүн. Менеджердин жообу
Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги
Курду тээп ийген Хабиб, сый көрсөткөн Конор. 2020-жылдагы тиктешүүлөр видеодо
Последствия пожара в жилом доме в жилмассиве Алтын-Ордо в Бишкеке

Бишкектеги Алтын-Ордо конушунда чыккан өрт өчүрүлдү

9
(жаңыланган 15:56 17.01.2021)
Тилсиз жоо тууралуу маалымат куткаруучуларга саат 13:00 чамасында түшүп, ага эки бөлүм тартылган. Жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Последствия пожара в жилом доме в жилмассиве Алтын-Ордо в Бишкеке
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт

Аталган конушта өрт саат 13:00 чамасында чыгып, ага ӨКМден эки бөлүм тартылган.

Жабыркагандар жана каза тапкандар жок. Өрттүн себеби такталууда.

9
Белгилер:
өрт, ӨКМ, Бишкек
Тема боюнча
Каракол: тез татымдагы өрт газ баллондун жарылуусунан чыккан