Окумуштуулар: күнүнө үч чыны кофе инфаркт коркунучун 21% кыскартат

Жазылуу
Күнүнө үч-беш чыны кофе ичкен адам инфарктан же башка жүрөк-тамыр ооруларынан өлүмгө дуушар болуу коркунучун 21% төмөндөтө алат деп билдиришет кардиологдор.

БИШКЕК, 24-июнь – Sputnik. Күнүнө үч-беш чыны кофе ичкен адам инфарктан же башка жүрөк-тамыр ооруларынан өлүмгө дуушар болуу коркунучун дээрлик төрттөн бир эсе азайта аларын РИА Новости Европалык кардиологдор коомчулугунун окумуштууларына таянуу менен билдирет.

"Жүрөктүн жана кан тамырларынын саламаттыгына оң таасир берип, жүрөк-тамыр ооруларынан өлүү коркунучун төмөндөтө турган бардык факторлорду билип-түшүнүү биз үчүн өтө маанилүү. Кофени ченеп ичүү бул маселени чечүүдө олуттуу роль ойной алчудай. Бул кезегинде европалыктардын турмушун жана ден соолугун жакшыртууга көмөк болот", — дейт Лиссабон университетинен (Португалия) Дутор Карнейро (Doutor Carneriro).

Карнейро өз кесиптештери менен аныктагандай, кофе чынында эле эле жүрөк-тамыр системасына жакшы таасир берет экен. Алар мындай тыянакка ондогон изилдөөлөрдүн натыйжаларын талдоо аркылуу келишкен. 

Окумуштуулар: куурулган майлуу тамак эркектердин эс тутумун начарлатат
Сергектик бере турган кофенин эң ыңгайлуу күнүмдүк өлчөмү, Карнейронун айтымында, күнүнө үч чыны болушу керек. Ошондо жүрөккө байланыштуу өлүп калуу коркунучу 21%, эми кант оорусунун экинчи түрүнө кабылуу коркунучу 25% кыскарат.

Кардиологдордун айтымында, кофени бир катар пайдалуу адаттар (ичимдикти ченеп ичүү, тамекиден баш тартуу) жана туура тамак менен айкаштыруу инфаркттан өлүп калуу коркунучун эркектер арасында 79%, аялдар арасында 73% төмөндөтөт экен.

Кофенин мындай жакшы таасири эмнеге байланыштуу экенин илимпоздор азырынча билбейт. Бирок алар кофе данында көп санда камтылган антиоксиданттар менен сезгенүүгө каршы заттар буга себеп болушу мүмкүн деп божомолдошот. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун статистикасы боюнча, инсульт жана жүрөктүн башка оорулары дүйнө боюнча адамдарды эрте өлүмгө алып келүүчү себептердин бири болуп эсептелет. Жыл сайын жүрөк-тамыр ооруларынан 12 миллионго жакын адам каза болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0