Россиянын экс-премьер-министри Евгений Примаков каза болду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЕвгений Примаков. Архив
Евгений Примаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Россиянын Тышкы иштер министрлигин да жетектеген.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik.  Россиянын экс-премьер-министри, мурунку тышкы иштер министри Евгений Примаков 85 жаш курагында каза болгонун РИА Новости билдирет.

Маалыматка ылайык, РФ президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков өлкө башчысы Примаковдун туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтарын билдирген. 

"Мамлекеттик ишмер, илимпоз, саясатчы Примаков артында өчпөс эмгектерин калтырып кетти", — дейт Песков.

Анын айтымында, Путин Примаковду жакындан билген санаалаш адамы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0