Америкалык ракета Falcon 9 учуруу мезгилинде. Архив

Falcon 9 ракетасынын кыйроосуна байланыштуу Эл аралык космос станциясына жүк жеткен жок

53
(жаңыланган 13:28 30.06.2015)
Кыйроону ракетаны чыгарган Американын SpaceX компаниясы териштирүүдө.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Америкалык Falcon 9 ракетасы жекшембиде космос орбитасына Dragon жүк ташыгычын алып чыгуу учурунда жарылып кетип, ЭКСтин экипажына дагы жүк жеткирилбей калганын РИА Новости билдирет.

Ракета жекшембиде Канаверал тумшугундагы (Флорида штаты) космодромдон Москва убактысы боюнча саат 17.21де учурулган. Биринчи эки мүнөт баары штаттык тартипте жүрүп, бирок 2,5 мүнөттөн кийин ракета жарылып, чачырап кеткен.

НАСАда ракетанын кыйрашынын себептери кылдат иликтенерин айтышат. Тергөөнү ракета жана космос жүк ташыгычын иштеп чыгуучу SpaceX менчик компаниясы алып барат.

Жок дегенде бир нече ай SpaceX космоско ракета учурууларды токтот деп болжолууда, ал эми тергөө иштери бир жылга чейин созулушу мүмкүн.

Америка менен Россиянын космос ведомстволору Эл аралык космос станциясында экипаждын өмүрүнө жана ишине эч коркунуч жок экендигин билдиришти.

"Falcon 9 жүк алып жүрүүчү ракета менен болгон авария ЭКСтин ишине таасирин тийгизбейт. Азыр станцияда ЭКС-44 экспедиция мүчөлөрү үчүн зарыл нерселердин баары жетиштүү", — деп блегиледи Роскосмос.

Ушундай эле ойду НАСАнын башчысы Чарльз Болден да билдирди. Анын айтымында, "станциянын бортунда астронавттар үчүн эч коопчулук жок, жана алар үчүн бардык керек нерселердин бир нече айга жете турган запасы бар".

Азыр ЭКСте россиялык Геннадий Падалка менен Михаил Корниенко жана америкалык Скотт Келли бар.

53
Белгилер:
ракета, космос, Falcon 9, Роскосмос, Скотт Келли, Михаил Корниенко, Геннадий Падалка
Тема боюнча
Түркмөнстандын алгачкы космос спутниги жазында учурулат
АКШ: жүк ташуучу космос кемеси учуп жатканда жарылып кетти
"Энергомаш" $1 миллиарддык ракета кыймылдаткычтарын АКШга сатат
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

84
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

84
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты
Легендарлуу футболчу Диего Марадона. Архив

Легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду

107
(жаңыланган 22:50 25.11.2020)
Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу. Ал 30-октябрда медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн ооруканалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Аргентинанын TN телеканалына таянып кабарлады.

Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу.

30-октябрда "Химнасия жана Эсгрима" футбол клубуна башкы машыктыруучулук кылып жаткан Марадона бир катар текшерүүлөрдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк анын мээсине операция жасалгандыгы кабарланган. Марадона ооруканадан 12-ноябрда чыгарылганы айтылган. Футбол адисинин акыркы жылдары басканы оорлошуп, өзүн начар сезип калган.

107
Тема боюнча
Роналду, Зидан, Марадона... Дүйнөлүк футболчулардын атын алган кыргызстандыктар