БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Тайвандын аквапаркында боёктор фестивалы учурунда жардыруунун жана катуу өрттүн кесепетинен жабыркагандардын саны 516 адамга жеткени жөнүндө РИА Новости Кытайдын ЖМКларына таянуу менен билдирет.
Мурдараак 509 жабыр тартуучу жөнүндө кабарланган эле.
"Өрттөн жабыркагандардын саны 516га жетти, жалпысынан 194 адам өтө оор жаракат алган", — деп айтылат Синьхуа агенттигинин билдирүүсүндө. Курман болгондор жөнүндө маалымат жок. Негизинен жабыркагандардын денелери жана дем алуу органдары күйгөн.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар шаардын 39 ооруканасына жайгаштырылган. Бийлик шашылыш чара көрүү механизмин ишке киргизип, жакын жайгашкан Тайбэй менен катар төрт шаардын медициналык мекемелерине жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө даяр турууну тапшырды.
CCTV телеканалы билдиргендей, полиция иш-чараны уюштуруучуларды суракка алууда. Телеканал көрсөткөн кадрларга караганда, колуна кишен салынып бара жаткан уюштуруучулардын бири болгон окуя үчүн кечирим сурады.