Шарапова Forbes тизмеси боюнча эң бай россиялык спортчу болду

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүТеннисистка Мария Шарапова (ортодо). Архив
Теннисистка Мария Шарапова (ортодо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы россиялык теннисчи 63-орунду ээлеген. Эң көп кирешелүү атактуулардын тизмеси 2014-жылдын 1-июнунан үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин түзүлөт.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Белгилүү теннисчи Мария Шарапова эң көп кирешелүү жүз адамдын ичинен 88-орунду ээлеп, Forbes тизмесине кирген жападан жалгыз россиялык болгонун РИА Новости агенттиги жазат. 

Шарапованын жылдык кирешеси 29,5 миллион долларды түзгөн. Былтыр спортчу тизменин 66-сабында болчу.

28ке чыккан Мария Шарапованын сүрөттө калган элестери
Рейтинг 2014-жылдын 1-июнунан үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин түзүлдү. Биринчи орунду 300 миллион доллар киреше тапкан америкалык мушкер Флойд Мэйуэзер ээлесе, экинчи деп 160 миллион долларга ээ болгон Мэйуэзердин атаандашы Мэнни Пакьяо катталган. Үчүнчү сапты 135 миллион доолар иштеп тапкан ырчы Кэти Перри ээледи.

Биринчи ондукка булардан тышкары ырчы Тейлор Свифт, радиоалпаруучу Говард Стерн, жазуучу Жеймс Паттерсон, актер Роберт Дауни жана футболчу Криштиану Роналду кирген. Тизмедеги 32 адам башка мамлекеттин жарандары.

Америкалык Forbes журналы атактуулардын рейтингин 1999-жылдан тарта чыгарып келет. Тизме Nielsen, Pollstar жана Box Office Mojo, IMDB сайттарынын маалыматынын негизинде түшкөн кирешенин эсеби менен түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0