Россиянын мамлекеттик Думасы. Архив

Мамдума Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусун ратификациялады

160
(жаңыланган 10:52 02.07.2015)
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке ага мүчө мамлекеттердин ички процедуралары аяктагандан кийин толук кандуу кошула алат. Шейшемби күнү макулдашууну Белоруссия парламенти колдоп берди.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Мамлекеттик дума Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусун ратификациялаганын РИА Новости кабарлады.

Үстүбүздөгү жылдын 22-майында ЕАЭБге кошулуу боюнча Кыргызстан ички процедуралардын бардыгын аяктаган.

Евразиялык экономикалык биримдикке Кыргызстандан уюмга мүчө мамлекеттердин ички процедуралары аяктагандан кийин толук кандуу кошула алат. Макулдашууну Белоруссия парламенти жана Казакстан мажилисинин төмөнкү палатасы колдоду.

21-майда президент Атамбаев КРдин ЕАЭБге кошулушу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбооруна кол койгон.

160
Белгилер:
ратификация, Мамлекеттик Дума, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан, Казакстан, Белоруссия, Россия
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (208)
Тема боюнча
Мамдума КРдин ЕАЭБге кошулуусу тууралуу келишимди 1-июлда ратификациялашы мүмкүн
Беларусь парламенти Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн ратификациялады
Көчөдө бараткан адамдар. Архив

COVID-19га кабылган эркекте кийин төшөк маселесинде көйгөй жаралышы мүмкүн

11
Адистин айтымында, коронавирус аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Эркектин тукум улоо органдарындагы ACE2 деп аталган рецепторлор организмге коронавирустун кирип кетишине көбүрөөк себепкер болот. Мындан улам COVID-19дан сакайгандан кийин эркектердин жыныстык жашоосунда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин Sputnik радиосунун эфиринде эндокринолог Зухра Павлова билдирди.

"Коронавирус аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратары байкалууда. Бир нече иликтөөлөрдүн жыйынтыгын карап көрсөк, коронавирустан айыккан соң эркектерде тестостерон гормонунун бөлүнүшүндө көйгөйлөр жаралат экен. Мындан улам алардын тукум улоо функцияларында түйшүк жаралышы ыктымал", — деди дарыгер.

Тестостерон гормонунун эркектин жашоосунда мааниси чоң. Бул гормон жетиштүү кезде эркектин энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасайт. Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси — эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.

Ошондой эле тестостерон акыркы изилдөөлөр боюнча вирустук инфекцияларга туруштук берүүдө маанилүү роль ойнойт. Анын деңгээлинин төмөн болушу респиратордук инфекция, сасык тумоо, сезгенүү, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана кан басымдын көтөрүлүшүнөн улам өлүм коркунучу жогорулашы мүмкүн экени айтылып келет.

11
Белгилер:
кесепет, коронавирус, эркек, тестостерон
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирус эркектин сексуалдык каалоосун жок кылат. Жаңы изилдөө
Адис: коронавирус сасык тумоо менен грипптин катарына кошулуп келе жатат
Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий

Мамдума депутаты: орус тили КРде жашаган улуттардын пикир алышкан негизги тили

168
(жаңыланган 18:15 26.11.2020)
Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik, Мария Науменко. Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий Кыргызстанда орус тилинен расмий тил макамын алып салуу идеясына каршы пикирин билдирди.

"Бул чагымчылдык, анткени орус тили —  Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын пикир алышуусуна жардам берген негизги тил. Менимче, мындай чагымчылдык пикирлерге алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор чекит коет", — деди депутат.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Мындай пикирин ал "кыргыз жаштары эне тилинде сүйлөбөй калды" деп түшүндүргөн.

"Россия — Кыргызстандын негизги саясий өнөктөшү. Орус тилинен баш тартуу, демек, өз мамлекеттүүлүгүн бузуу. Эгер бул маселе референдумга коюлса, Кыргызстанда жашаган элдин 99 пайызы анын макамын сактап калууга добуш берет деп ойлойм", — деди Водолацкий.

Кыргызстанда мамлекеттик тил — кыргыз тили, ал эми орус тили расмий тил макамына ээ.

Эске салсак, ушу тапта Кыргызстанда Констититуциялык кеңешме иштеп жатат. Ал Баш мыйзамдын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлгөн.

168
Белгилер:
депутат, пикир, макам, орус тили, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Конституциялык кеңешмеде Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту