Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңеши. Архив

РФтин Федерация кеңеши Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн ратификациялады

148
(жаңыланган 16:46 08.07.2015)
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ички ратификациялоо процесстерин аяктагандан кийин аталган уюмга толук кошулат.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңеши Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимди ратификациялады. Кыргызстан 22-майда аталган уюмга кирүү боюнча өзүнүн ички процедураларын аягына чыгарган. 

Былтыр декабрь айында Москвадагы Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин жыйынында КРдин ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимге кол коюлган. Анткен менен, Кыргызстан ЕАЭБге аталган уюмга мүчө мамлекеттер ички ратификация процесстерин аяктагандан кийин гана толук кандуу кошулат. Шейшемби күнү Белоруссиянын парламенти келишимди жактырган. 

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта евразиялык интеграциянын алкагындагы Россия, Казакстан жана Белоруссия кирген Бажы Биримдигинин негизинде түзүлгөн экономикалык биримдик. Аталган өлкөлөрдөн сырткары, биримдикке Армения да мүчө. Учурда биримдиктин мүчө өлкөлөрү арасында ага Кыргызстандын кошулуусу боюнча ички ратификациялоо процедуралары өтүп жатат.


148
Белгилер:
Москва, Москва Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети, Евразиялык экономикалык биримдик, ратификация
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (321)
Тема боюнча
Беларусь парламенти Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн ратификациялады
Армения өкмөтү Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү боюнча протоколун ратификациялады

Афганистан, Борбор Азиядагы абал жана НАТО. ЖККУнун позициясы видеодо

4
(жаңыланган 12:48 07.12.2021)
ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков Sputnik агенттигине берген эксклюзив маегинде Армен Гаспаряндын суроолоруна жооп берди.

Семериков маегинде 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып, ЖККУнун алдыдагы пландары, ага мүчө болгон мамлекеттердин чек арасындагы кырдаалга, Афганистандагы улам өзгөрүп турган абалга токтолду.

Маектеги урунттуу учурлар:

  • Борбор Азия аймагында Афганистандагы абалдан улам машыгуулар болуп, алар негизинен Тажикстанда өттү. Семериков машыгуулар тажик-афган чек арасындагы кырдаалга өзүнүн оң таасирин тийгизди деп эсептейт. ЖККУ абал курчуп кетсе, чечкиндүү кадам таштаганга даяр жана мүмкүнчүлүгү бар экендигин көрсөттү;
  • 2022-жылы машыгууларды Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын аймагында өткөрүү боюнча пландар бар. Алар аймактагы абалга жараша өзгөрүп кетиши да мүмкүн;
  • Афганистан аймактагы көйгөйлөрдөн болуп турат. Азырынча кандайдыр бир божомол жасоо кыйын, бирок террордук уюмдардагы согушкерлердин санын белгилеп, аныктоого болот. Кырдаал келген жаңы бийликтин ички саясатты кандай алып барарына, террорчулук менен күрөшүнө, баңгизаттардын таралышына байланыштуу;
  • Афганистанда учурда террордук 13-14 чакты уюм бар, алардын согушкерлеринин жалпы саны 23 миңге чукулдап барат. Анткен менен Афганистандан эки миллиондой адам чыгып кетти. Семериков террорчулар Тажикстан менен ЖККУнун башка өлкөлөрүнө качкын кейпин жамынып кирип кетиши да мүмкүн деп эсептейт. ЖККУнун башкы катчысынын орун басары миграциялык мындай кризистин кесепети кыйын болорун, бул кооптуу көрүнүш экендигин айтты;
  • Семериков НАТО ойлоп тапкан шылтоосун бетине бекем кармап, Чыгыш Европа менен Балтика боюндагы өлкөлөрдө — Беларусь менен Россиянын чек арасында аскердик топтору менен аскердик техникаларын арбын топтоп жаткандыгын айтты;
  • ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек арасына жакын жерлерде машыгуулар байма-бай өтүп жатат. НАТОнун чагымчылдык машыгуулары жана дагы башка иш-чаралары эмнегедир эл аралык уюмдар тарабынан байкалбай калып жатат. Семериков муну менен катар эле Евробиримдик Беларусь менен Россиянын ички иштерине кийлигишип, санкцияларды колдонуу менен болуп көрбөгөндөй басым кылып жаткандыгын белгиледи;
  • Кавказда (Армения менен Азербайжан) абал туруктуу, бирок чыңалып турат;
  • ЖККУнун даярдыгы менен шайма-шай турушу уюмдун кайсы аймак болбосун өзгөргөн абалга тез арада чара көрүп, коюлган милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берет;
  • ЖККУ Өзбекстан менен Сербияга байкоочулук макам берүү боюнча иш алып барып жатат.
4
Белгилер:
Борбордук Азия, Афганистан, НАТО, ЖККУ, Валерий Семериков, машыгуу, маек
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Бешимов: ЖККУ реформага муктаж, аны чечүүдө Россиянын ролу чоң
Кишилер Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын логотибинен жанында

АКШ бийлиги Кытайда өтө турган Олимпиада оюндарына бойкот жарыялады

39
(жаңыланган 11:45 07.12.2021)
Жо Байдендин администрациясы 2022-жылдагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык дагы, расмий дагы делегация жөнөтпөй турган болду.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШ бийлиги 2022-жылы Кытайда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына бойкот жарыялагандыктан, иш-чарага Американын бийлик өкүлдөрү катышпайт. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки брифинг учурунда билдирди.

"Кытайдагы адам укугунун бузулушу жана Синьцзяндагы геноцидди эске алуу менен Байдендин администрациясы 2022-жылдагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык дагы, расмий дагы делегация жөнөтпөйт", — деди ал брифингде.

Ошол эле учурда бул бойкоттун АКШлык спортчуларга тиешеси жок экени айтылды.

"Ал эми Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларыбызды 100 пайыз колдойбуз", — деди Псаки.

Эске салсак, Синьцзяндагы окуяларга байланыштуу АКШ, Улуу Британия жана Европа биримдиги Кытайга каршы санкция жарыялашкан. Алар Кытай бийлиги уйгурлар жана алар сыяктуу башка этникалык азчылыктардын укугун бузуп, эркине каршы эмгегин пайдаланып жатат деп айыптоодо. Пекин бул айыптоолордо айтылгандардын бардыгын төгүндөп келет. Кытай бийлиги Синьцзянга байланыштуу окуялар адам укугуна эмес, террорчулук жана сепаратизмге тиешелүү экенин билдирет.

39
Белгилер:
АКШ, Кытай, олимпиада, адам укугу, спорт, саясат, бойкот
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат
Спорт аянтчасында машыгуучу адам. Архив

Бишкек мэриясы мыйзамсыз павильондорду алып, ордуна сейил бак ачты

10
(жаңыланган 12:52 07.12.2021)
Скверде отургучтар, спорттук шаймандар орнотулуп, айланасы жашылдандырылды. Мэрия мурда бул жерде мыйзамсыз коюлган соода павильондору болгонун билдирди.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкекте дагы бир сейил бак ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлады.

  • Новый сквер с множеством спортивных тренажеров открыли на пересечении улиц Туголбай-Ата и Раззакова в Бишкеке. 07 декабря 2021 года
    Бишкекте дагы бир сейил бак ачылды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Новый сквер с множеством спортивных тренажеров открыли на пересечении улиц Туголбай-Ата и Раззакова в Бишкеке. 07 декабря 2021 года
    Жаңы сквер Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Новый сквер с множеством спортивных тренажеров открыли на пересечении улиц Туголбай-Ата и Раззакова в Бишкеке. 07 декабря 2021 года
    Скверде отургучтар, спорттук шаймандар орнотулуп, айланасы жашылдандырылды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Новый сквер с множеством спортивных тренажеров открыли на пересечении улиц Туголбай-Ата и Раззакова в Бишкеке. 07 декабря 2021 года
    Мэрия мурда бул жерде мыйзамсыз коюлган соода павильондору болгонун билдирди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкекте дагы бир сейил бак ачылды

Жаңы сквер Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

"Чакан эс алуу зонасы турак жайларга жакын болгондуктан жашоочулар, өзгөчө балдар үйдөн анча алыс эмес жерде ойноп, эс ала алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Скверде отургучтар, спорттук шаймандар орнотулуп, айланасы жашылдандырылды. Мэрия мурда бул жерде мыйзамсыз коюлган соода павильондору болгонун билдирди.

10
Белгилер:
Бишкек, мэрия, сейил бактары
Тема боюнча
Бишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен жол боюнча ири долбоор сунуштады
Мэрия конуштардагы жер участокторуна техникалык паспорт берет. Шарты
Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, акчасын кайрымдуулукка жумшайт