Аялдын буту. Архив

Окуучуларды интимдик байланышка азгырган мугалим 22 жылга кесилди

837
(жаңыланган 14:59 09.07.2015)
Сот мугалимдин өкүндүм дегенине карабастан, жаза мөөнөтүн кыскарткан жок.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Флоридалык мугалим Женнифер Фихтер 17 жаштагы балдарды азгырып, интимдик байланышка тарткандыгы үчүн 22 жылга түрмөгө кесилди деп билдирди AJC.com. 

Басылманын жазганына караганда, 30 жаштагы мугалимдин "кылмышка барган жерлери" окуучулардын ата-энеси үйүндө жоктугунан пайдаланылган үй, өзүнүн автоунаасы жана жергиликтүү гүл бак болгон. Мугалим бул кездешүүлөрдүн жыйынтыгында, бир ирет боюнан алдыргандыгы маалымдалат.

Окуучулар менен эжекенин мамилеси, анын балага өзгөчө берилип мамиле жасагандыгынан башталган. Бир баланын энеси соттон Фихтер үчүн эң катаал жаза берүүнү талап кылды. Ал эми айыпталуучу ар бир баланы жакшы көргөндүгүн, аларга кам көрүп, ар дайым чогуу болууну каалагандыгын өзү айтып берди. Сотто бул мамилелер күч менен эмес, алардын өз каалоосу менен болгондугу айтылды. 

Сот мугалимдин өкүндүм дегенине карабастан, аны түрмөгө 22 жылга кести.

"Женнифер Фихтер анын курмандыгы болгондордун үй-бүлөсүнөн, өз үй-бүлөсүнөн жана соттордон кечирим сурады", — деп жазган Боундс.

Интернетте бул америкалык  мугалимди коргоо боюнча петиция пайда болуп, анда соттун өкүмүн жокко чыгарууну жана соттун ал аялды "айбан" деп атагандыгы үчүн кечирим суроо талаптары коюлган. 

837
Белгилер:
Флорида, АКШ, сот, балдар, мектеп, мугалим, интим
Тема боюнча
Интим кызмат көрсөткөн сайттарга тыюу салынды
Суусундук кармаган кыздар. Архивдик сүрөт

Ден соолукту талкалаган суусундук. Дарыгердин эскертүүсү

203
Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок аны көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып, диабеттен тарта онкологиялык ооруну чакырган азыктардын бири газдалган таттуу суусундуктар экенин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адистин айтымына караганда, баарынан кооптуусу газдалган суусундук.

"Диабетти жаратып, кишини семиртип, акырында онкологиялык ооруга алып барып такайт. Бул чындыгында ден соолукту талкалоочу жолдордун бири. Остеопороздон тарта онкология, жүрөк, кан тамыр ооруларын жаратат", — деп түшүндүргөн Мясников.

Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок сууну көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

Мясников чай менен кофенин пайдалуу жактарын да эске сала кеткен. Кофе жүрөк, кан тамыр илдеттеринин, боор оорунун алдын аларын айтса, көк чайдын онкологияга каршы күрөшүү артыкчылыгын белгилеген.

Буга чейин россиялык онколог Елена Смирнова жоон ичеги рагына кабылуу тобокелчилигин арттырган суусундуктарды тизмектеп айтып берген. 

203
Белгилер:
Россия, ден соолук, суусундук, зыян
Тема боюнча
Боору жарабай калган. 1,5 литр коланы 10 мүнөттө ичкен киши каза болду
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт

85
UFC чемпиону Шевченко Голливуд жылдызы Холли Берри менен тасмада спорттогу каршылаштардан болушат. Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Instagram баракчасында Bruised ("В синяках", "Көгала болгондо") тасмасын тартуу учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.

Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде болмокчу. Анда Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат.

Шевченко Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.

"Bruised тасмасында Lady Killer ролунда", — деп жазган Валентина.

Кинонун трейлери интернетке 14-октябрда чыккан. Тасма өзү 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.

85
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, тасма, роль, мушкер, беттешүү
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасынын трейлери чыкты. Видео
Татынакай! Шевченко Холли Берринин тасмасы боюнча маектеги сүрөтүн жарыялады