Путин БРИКСке бизнес коомчулугунун сунуштары тууралуу айтып берди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент России Владимир Путин. Архивное фото
Президент России Владимир Путин. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти Владимир Путин БРИКС өлкө башчыларынын Ишкердик кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуусунда БРИКС бизнес коомчулугунун бардык сунуштарын ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. БРИКС мамлекеттери бизнес коомчулугунун пикирин эске алуу менен аларды иш жүзүндө пайдаланууга да кызыкдар экенин БРИКСтин жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Бул жылы БРИКСке да, ШКУга да Россия төрагалык кылууда. 

"Биз уюмдун алкагында кызматташуу, институциялык документтер тууралуу ой-пикириңиздерди угуп тим болбостон, аларды ишке ашырууга да аракет көрүп келебиз", — деди Путин.

ШКУ жыйынында аталган уюмдун кеңейиши тууралуу кеп болору күтүлүп жатат. Бүгүнкү күндө уюмга Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери кирет. 2014-жылдын сентябрында Пакистан менен Индия  ШКУга кошулуу жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылган. 

БРИКСке Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0