Туск Греция боюнча компромисстик чечим кабыл алуу үчүн саммит чогултат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЕвропа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск. Архив
Европа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саммит төрт саатттан ашуун убакытка токтоп турганын Рейтер агенттиги белгилейт. Бул мезгилде Туск Германия канцлери Ангела Меркель, Франция президенти Франсуа Олланд жана Греция премьер-министри Алексис Ципрас менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жетишкен.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Европа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск беш сааттык тыныгуудан кийин евроаймактын лидерлерин Греция боюнча компромисстик чечим маселесин талкуулоо үчүн кайрадан саммит чогулта турганын анын маалымат катчысы Пребен Аманн билдирди.

"Күтүлгөндөй эле Туск 10 мүнөт аралыгында евроаймак өлкөлөрүнүн лидерлери менен Греция боюнча компромисстик сунуштарды талкуулоо үчүн кайрадан чогултат", — деп айтылат Аммандын Twitterдеги аккаунтунда.

Референдумда грециялыктардын 61%ы пайызы "жок" деп добуш берди
Саммит төрт саатттан ашуун убакытка токтоп турганын Рейтер агенттиги белгилейт. Бул мезгилде Туск Германия канцлери Ангела Меркель, Франция президенти Франсуа Олланд жана Греция премьер-министри Алексис Ципрас менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 

Жекшемби күнү евроаймак өлкөлөрүнүн каржы министрлеринин кеңеши евротоптун лидерлерине Грецияга финансылык жардам берүүнүн шарты жазылган сунуш жөнөткөн.

5-июль күнү өткөн референдумда грек шайлоочулары ЕБ кредиторлорунун кыскартууларды жүргүзүп, өлкөнү тышкы булактардан каржылоону улантуу сунушун четке какты. Бейшемби күнү кечинде Греция кредиторлорго макулдашууга керектүү реформалардын программасын жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0