Уйгур качкындарын Таиланд өкмөтү Түркияга депортациялашы мүмкүн

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТаиланд. Архив
Таиланд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Таиланд 173 кишини Түркияга жөнөткөн, алардын көбү аялдар жана балдар болгон. Андан кийин 109 уйгур эркекти Кытайга депортациялаган. Укук коргоо уюмдарынын маалыматына ылайык, аларды этникалык жана дин тутуу өзгөчөлүгүнө карата куугунтуктоолор күтүшү ыктымал.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Таиланддагы 52 уйгур качкындын Кытайдын аймагында мыйзам бузгандыгын Кытай өкмөтү далилдеп бере албаса, качкындар Түркияга депортациялана турганын Таиланддын премьер-министри генерал Прают Чан-Оча улуттук каналдын түз эфиринде билдирди.

Июнь айынын башында көп сандагы уйгурлардын Кытайга депортацияланышын дүйнө коомчулугу катуу сынга алгандыктан Таиланд бийлиги бул ишти дыкат көзөмөлгө алганын Чан-Оча белгиледи.

"Биз бир жыл мурда Кытайдан мыйзамсыз чыгып кетти делинген Таиланддагы уйгурлардын жарандыгын текшерип жатабыз. Ошондой эле, Кытай өкмөтүнөн аталган жарандардын мыйзам бузууларын далдилеп бере турчу документтерди күтүүдөбүз. Эгер күнөөсү аныкталбаса, аларды Түркияга депортациялайбыз", — деди премьер-министр.

Түркия менен Кытай мамлекеттери Таиландда калган уйгурлар тууралуу маалыматтарды сурап жатканын билдирген Чан-Оча бул маселе өлкө мыйзамдарына ылайык чечиле турганын кошумчалады.

Работа белорусской таможенной службы - Sputnik Кыргызстан
Украинадан келген 27 адам Кыргызстанда качкын статусун алууга арызын берген
Шаршемби күнү Таиланддын коопсуздук кеңешинин жоопту катчысы башында турган делегация депортацияланган 109 уйгурдун абалы менен таанышуу үчүн Кытайга учуп кеткен. Алардын көбү көмүскө экстремисттик уюмдарга мүчө болуп кирген деп шектелүүдө.

Буга чейин Таиланд 173 кишини Түркияга жөнөткөн, алардын көбү аялдар жана балдар болгон. Андан кийин 109 уйгур эркекти Кытайга депортациялаган. Укук коргоо уюмдарынын маалыматына ылайык, аларды этникалык жана дин тутуу өзгөчөлүгүнө карата куугунтуктоолор күтүшү ыктымал.

Укук коргоо уюмдары Таиланд бийлигин качкындарды Түркия менен Кытайга депортациялоо учурунда алардын үй-бүлөсүн бузган деп айыпташууда. Себеби, балдар менен аялдар Түркияга, ал эми эркектер Кытайга депортацияланган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0