ЖМК: Деми Мурдун бассейнинде жаш жигиттин сөөгү табылды

© AFP / EMMANUEL DUNANDБелгилүү Голливуд жылдызы Деми Мур. Архив
Белгилүү Голливуд жылдызы Деми Мур. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21 жашар жигиттин жансыз денеси 19-июлда эртең менен табылган. Белгилүү болгондой, анын мурунку күнү кечинде атактуу Голливуд жылдызына тиешелүү үйдө кече болгон.

БИШКЕК, 20-июль – Sputnik. Деми Мурдун үйүндөгү бассейнден полиция 21 жашар жигиттин сөөгүн тапканын People журналы жазып чыккан.
Ишембиге караган түнү белгилүү Голливуд жылдызына тиешелүү үйдө кече болгонун тартип сакчыларына кошуналары айткан.

Алардын маалыматы боюнча, Деми Мур менен анын мурдагы күйөөсү, атактуу америкалык актер Брюс Уиллистин балдары бул үйдө шаңдуу кечелерди көп уюштурат экен.

Сөөк табылган мезгилде үй ээси да, анын балдары да үйдө жок болчу деп айтылат билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0