WikiLeaks: Штайнмайер АКШга биринчи келгенде анын артынан тыңчылык жүргөн

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүНемис ТИМинин башчысы Франк-Вальтер Штайнмайер. Архив
Немис ТИМинин башчысы Франк-Вальтер Штайнмайер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
WikiLeaks сайтына басылып чыккан АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин документеринин биринде Штайнмайер 2005-жылы АКШга биринчи жолу расмий иш сапары менен келген учурда анын сүйлөшүүлөрүн тыңшоолор жөнүндө отчёт келтирилет.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Саясий иштердин бетин ачкан сайт деп билинген WikiLeaks АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги (УКА) Германиянын алдыңкы саясатчыларынын артынан тыңчылык кылгандыгын далилдөөчү документтердин кезектеги топтомун алып чыкты. Алардына арасында немис ТИМинин башчысы Франк-Вальтер Штайнмайер да бар.

Алсак, УКАнын документтеринин биринде Штайнмайер 2005-жылы АКШга биринчи жолу расмий иш сапары менен келген учурда анын сүйлөшүүлөрүн тыңшоолор жөнүндө отчёт келтирилет. Ал жылы АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (БЧБ) Европанын аэропротторун соттолгондорду жашыруун түрмөлөргө жеткирүү үчүн пайдаланганы жөнүндө маалыматтардан улам ызы-чуу жүрүп жаткан. 

Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чотбаев АКШ элчилигине келген жүк жөнүндө: тыңчылык кылуу үчүн жабдыктар болушу мүмкүн
Атайын кызматтын билдирүүсүндө Штайнмайер "БЧБ Германиянын үстүнөн учуп өткөнү туурасында басма сөздөрдөгү маалыматтарга байланыштуу мамлекеттик катчыдан эч бир айкын жооп албаганына кубангандай көрүндү" деп айтылат. Андан тышкары, Штайнмайер Вашингтон жаңы немис өкмөтү менен кызматташууну каалай турганы жөнүндө билдирген. Саясатчы өзү кызматташуу аймагы катары түштүк Кавказды сунуштаган.

WikiLeaks жарыялаган тизмеге ылайык, УКА Штайнмайердин эки телефонун тыңшоого алган, алардын бири — T-Mobile компаниясына караштуу номер аркылуу министрдин Социал-демократиялык партиядагы кесиптештери менен сүйлөшүүлөрүн тыңшашкан.

УКАнын документтери атайын кызматтар ФРГнын дипломатиялык ведомствосун 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактка чейин бир топ жыл мурун эле тыңшай башташканын жана 1998-2005-жылдарда ТИМ башчысы Йошка Фишерге тыңчылык кылышканын күбөлөйт.

WikiLeaks АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги жасаган иштердин бетин ачып келет. Июнда француз жана немис ЖМКлары аталган сайтка таянуу менен УКА француз жана немис саясатчыларына, ишкерлерине, алардын ичинде Франциянын акыркы үч президентине жана Германиянын канцлерине тыңчылык кылганы жөнүндө жазып чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0