"Кеплер" телескобу Ак куу топ жылдызынан Жерге окшош планетаны тапты

© NASA/JPL-Caltech/T. PyleСүрөтчү оюнда Kepler-452b экзопланетасы. Архив
Сүрөтчү оюнда Kepler-452b экзопланетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ачылышты Ак куу жана Лира топ жылдыздарынын ортосунда жайгашкан миңдеген жылдыздарга үч жылдан бери байкоо жүргүзүп жаткан "Кеплер" телескобу жасады.

БИШКЕК, 24-июль – Sputnik. Кайра иштей баштаган "Кеплер" телескобу Ак куу жана Лира топ жылдыздарынын ортосунан көлөмү жана шарттары жагынан Жерге окшогон бир топ планеталарды аныктады. Алардын ичинен Kepler 452 деп аталганын биздин планетанын "аталаш эжеси" деп атоого болот деп билдиришти окумуштуулар НАСАнын штаб-квартирасында өткөн маалымат жыйынында.

"Алгачкы экзопланетанын ачылышынын 20 жылдыгында "Кеплер" Жер менен Күнгө баарынан окшош келген планетаны жана жылдызды аныктады. Бул ачылыш биздин планетанын толук түспөлдөшүн табууга карай дагы бир кадам жасоого мүмкүндүк берди", — дейт НАСА директорунун илим боюнча орун басары Жон Грунсфилд. 

Бул ачылышты Ак куу жана Лира топ жылдыздарынын ортосунда жайгашкан миңдеген жылдыздарга үч жылдан бери байкоо жүргүзүп жаткан "Кеплер" телескобу жасады. Ошол жылдыздардын бири, бизден 1,4 миң жарык жылы аралыгында жайгашкан Kepler-452 окумуштуулар тарабынан Жердин "аталаш бир тууган эжеси" аталып калды. 

Ал массасы жана спектрдик G2 классы биздин Күнгө окшош бир жылдызды айланта тегеренип турат экен. Ошондой эле ал суюктук бар экени мүмкүн болгон орбитанын жашоо аймагынын чегинде орун алган. Ал эми суунун болушу теориялык жактан планетада Жер шарындагыдай жашоо пайда болушу ыктымал деп айтууга негиз берет. 

Күн. Эң жарык жылдыз
Олуттуу айырмачылыктар да бар. Алсак, анын диаметри биздин Жердикинен 60 пайызга чоң. Ошондуктан, окумуштуулар аны Жердин "түгөйү" эмес, супер-жерлер тобуна киргизишти. Бул болсо планетанын анык физикалык касиеттери жана тирүү жандыктардын бар-жогу азырынча белгисиз дегенди билдирет.

Мындан тышкары, жаш курагына караганда Kepler 452b Жер шарынан 1,5 миллиард жыл улуу. Бул бир жагынан, анын үстүндө жашоо бар дегенге мүмкүндүк берсе, экинчи жагынан, муну кайра жокко чыгарат дейт ачылыш ээлеринин бири Жон Женкинс.

Kepler 452b башка "Кеплер" жердин дагы бир топ "туугандарын" тапты. Алардын айрымдарынын диаметри Жер шарыныкына тең болсо, айрымдары эң көп дегенде эки эсе чоңдук кылат, жана баары "жашоо аймагында" турат. Аларды изилдөө Жер шарынын анык түгөйүн табууга мүмкүндүк берет деп ниеттенишет НАСАнын адистери. Мындай издөөнү азыр курулуп жаткан, "Кеплерден" кийинки муундагы TESS телескобу жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0