Стамбулда террорчуларга каршы 5 миң полиция ири рейд жасады.

Стамбулда террорчуларга каршы 5 миң полиция ири рейд жасады

67
(жаңыланган 14:01 24.07.2015)
"Ислам мамлекетинин" же радикалдык күрд топторунун согушкерлери жашырынып жатышы мүмкүн делген жүзгө жакын ар кандай жерлер текшерилди. Рейдге бир нече тик учак жана беш миңге жакын полиция кызматкерлери катышты.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Түркиянын террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмү бүгүн эртең менен Стамбулда ири операция өткөрдү. 

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсүндө, рейдге бир нече тик учак жана беш миңге жакын полиция кызматкерлери катышты. Анда "Ислам мамлекетинин" же радикалдык күрд топторунун согушкерлер жашырынып жатышы мүмкүн деп шектелген үзгө жакын ар кандай жерлер текшерилди.

Буга чейин Түркиянын абадан сокуу уруучу күчтөрү Сириядагы "Ислам мамлекети" жайгашышы мүмкүн деген жерлерге сокку урган. Бейшемби күнү Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу Анкарада улуттук коопсуздук боюнча шашылыш жыйын өткөргөн. Жыйын Суруч аймагында болгон терактыдан кийинки абалдын курчуп кетишине, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы провинциясында полициянын үч кызматкеринин өлтүрүлүшүнө байланыштуу чакырылган. Мында түркиялык армиянын Сирия менен болгон чек арасындагы "Ислам мамлекети" уюмунун согушкерлери менен болгон кагылышуулары көз жаздымда калган жок.

Буга чейин, 23-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШ лидери Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагында коопсуздукту камсыздоо үчүн согушкерлердин агымын токтотууга макулдашкан. 

Ал эми Кыргызстанга иш сапар менен келген Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу кыргыз бийлиги менен эл аралык жана аймактык коопсуздук маселесин талкуулады. Премьер-министр Темир Сариев бул жолугушууда учурдагы кырдаал экстремизм, терроризмге каршы биргеликте чараларды күчөтүү зарылдыгын жаратып жатканын айтты.

Буга чейин Сирияга "Ислам мамлекетине" сапар алган Кыргызстандын жарандары Түркия аркылуу өткөнү маалым болгон.

67
Белгилер:
Сирия, Түркия, Темир Сариев, Режеп Тайип Эрдоган, Мевлют Чавушоглу, согушкер
Тема боюнча
Обама менен Эрдоган Сирия тараптан согушкерлердин агымын токтотууну сүйлөштү
Сириядагы согушка кишилерди Стамбул аркылуу жөнөткөн каналда 7-8 адам иштейт
АКШ спортчулары Токио Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде

Америкалыктар Олимпиадада таза оюндан четтетилди

33
Токиого адаттагы россиялык жүз жеңил атлетчинин ордуна он спортчу гана барып, бейтарап формачан, өлкөсүнүн желегин көтөрбөй, гимни да жаңырбай катышууда. Дээрлик күнү-түнү допингге анализ тапшырууга мажбур. Мындай мамилеге карабастан жеңишке да жетишип жатышат.

Допинг чырын уюштургандардын планы боюнча россиялык спортчулар алардын шарттарына ылайык катышып, бирок баарынан утуларын болжошкон. Батыштык "өнөктөштөрүнүн" версиясы боюнча, баары допинг колдонот имиш. Өздөрүнө келгенде шылтоосу жөпжөнөкөй, аны "терапиялык өзгөчөлүк", ал эми тилинде сөөгү жоктор "допингге лицензия" деп коюшат. Аны алыш кыйын деле эмес.

Спортчу өзү допингге каршы улуттук комитетке дарыгерден алган справканы тапшырып, машакаты жок эле тыюу салынган заттарды пайдаланууга укук алат. Химиянын түрү абдан кеңири. Арасында норвегиялык лыжачылар өндүрүштүк масштабда пайдаланган астманын дарысы да, теннисчи эже-сиңди Вильямстардан дайым шектенип келишкен анаболиктер да бар. Токио Олимпиадасында америкалык гимнастчы Симона Байлзга байланышкан көйгөйлөргө да тиешеси бар психотроптук препараттардын да түрү болушу мүмкүн.

Кызыгы, мындай уруксаттардын берилиши жана алардын мазмуну өтө купуя сакталат. Спортчулардын медициналык маалыматтары жеке иш болгондуктан ачыкталбайт. Доппингге каршы улуттук комитеттердин отчеттору да эч ким эч нерсе түшүнбөй тургандай даярдалат.

Допингге чындап каршы күрөшө турган австралиялык активистттер, мисалы, 2012-жылы өлкөдө инсулинден риталинге чейинки катуу таасир эте турган 37 терапиялык өзгөчөлүк берилгенин аныкташкан. Бирок ар бир препарат боюнча так канча кишиге жана кимдерге уруксат берилгенинен эч кимдин кабары жок. Болгону WADA (Допингге каршы дүйнөлүк агенттик) маалымат базасына бир нече жолку хакердик чабуулдардан кийин батыштын алдыңкы спортчулары атаандаштарын жеңүү үчүн химиянын ар кыл түрүн дайым колдонуп келишкенин айгинелеген.

Морфин, викодин, триамцинолондун аралашмасы, маселен, айтылуу британиялык жөө күлүк Мо Фаранын анализдеринен аныкталган. Анткен менен анын олимпиадалык алтын медалынан шектенгендер жок. Аны четтетүү тууралуу кеп да жүргөн эмес. Улуу Британия ханышасы ага рыцарлыкты ылайык көрүп, Мо спорттук карьерасын уланта берген. Бирок курама топко тандоодон өтө албай, Токиого барбай калган.

Бир нече жыл бою эже-сиңди Уильямс жана Симона Байлздын допинг анализдеринен тыюу салынган заттар табылган. Бирок үч спортчу айым тең мелдештерге катышып, ута тургандын баарын утушкан.

Мындан бир топ жыл оболу таанымал USA Today журналы иликтөө жүргүзүүгө тырышып, эже-сиңди Уильямстардын анализдеринде чындап эле мандем барбы деген тейде Допингге каршы дүйнөлүк агенттикке кат жолдогон. Терапиялык өзгөчөлүктөр боюнча маалыматтарды жарыялап коюуга болбойт беле? Коомчулук айтылуу спортчулар "күчүн кайдан" топтоорун билгени жакшы го. Бирок Допингге каршы дүйнөлүк уюм басылманын өтүнүчүн көз жаздымда калтырып, эч кандай маалымат аныкталган эмес. Журналисттер Допингге каршы америкалык агенттиктин расмий билдирүүсүнө гана ыраазы болуп тим калышкан. Ал жоопто эже-сиңди Вильямс жана Байлздын эч кандай күнөөсү жок экени айтылат.

Байлз бала кезден гиперактивдүүлүк жана көңүл буруунун жетишсиздигинен азап чегип келерин, ошондуктан WADA ага риталин ичүүгө уруксат бергени тууралуу маалым. Бул эмнеге кептегенине Токиодо бүт дүйнө күбө болуп отурат. Риталин күчтүү психостимулятор, аны эл арасында "жакырлар үчүн кокаин" деп коюшат. Чек арадан алып өтүү абдан татаал, пандемия убагында эрежелер мурдагыдан да катаалдаган. Жагдайды жакындан билген адамдардын айтымында, Симона Байлздын машыктыруучусу Японияга шакиртине керектелген риталин запасын алып бара алган эмес. Көнүп алган дарысыз атактуу гимнаст кыз мелдештен четтетилип, командасынын да ийгилигин солгундатты. Америкалык маалымат каражаттары спортчуну баатыр кылып, ашыкча сезимталдыкка берилген тексттерди жайната жарыялоодо. Болбосо дүйнө көзүндө спортчу кынык алган "адатынан" гана жабыркоодо. Мындай маскарадан коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөгөн Допингге каршы америкалык агенттиктин жетекчиси Трэвис Тайгарт россиялык спортчуларга атырылып: "Россия катаал жазага татыктуу, көз боемочулукту улантууда", – деп чыкты. Ошону менен бирге эле РФти "допингди мамлекеттик колдоого" айыптап, россиялык олимпиадачылардын баарынын допинг анализдерин жарыялоону сунуштоодо. Жол болсун дейли, анткени Эл аралык олимпиада комитети россиялык спортчулардын эч биринин анализинде допинг чыкпаганын тастыктады. Ал эми америкалык спортчулардын анализдеринин жыйынтыгын көрүү кызык болмок...

Россиялыктар эл аралык мелдештердеги кысымга көнүп деле бүтүштү. Бирок Токиодогу Олимпиада ашкере саясатташкандай элес калтырат. Таза оюнда жеңе албаган батыштык "өнөктөштөр" РФ спортчуларына ойго келбес чагымчылдыктарды уюштуруп, көө жаап, ачык эле кысым көрсөтүүдө. Тынч Олимпиадалык оюндарды согуш талаасына айлантууга чамынууда. Акылы бийик аналитиктер муну "башаламандыктын экспорту" деп атап, түпкүлүгүндө стратегиялык максаттар жатат дешет.

Америкалык балдардын бир нече мууну спорттун жылдызы болуш үчүн жаш чагынан ар кандай тыюу салынган препараттарды колдонуу керек деген түшүнүк менен өсүүдө. Мыйзамга жат мындай жагдайды машыктыруучулар да, дарыгерлер да, Трэвис Тайгарт, ал түгүл президентке дейре жаап-жашыра беришет. Анда алардыкы "допингди мамлекеттик колдоо" эмей эмне?! WADA чоң спорттун болочогу үчүн америкалыктардын мындай аракеттерине чара көргөнү оң болмок.

33
Белгилер:
олимпиада, допинг, иликтөө, АКШ, спорт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Чекчейип, кемшейип, чочуп... Токио Олимпиадасындагы атлеттердин эмоциясы
Токио оюндарында кийим токуп отурган олимпиада чемпиону соцтармакты жарды. Видео
Чымыр денелүү, сулуу... Токио Олимпиадасындагы кыз-келиндердин сүрөттөрү

Бир секиргенде илип кетти. Төрт жаштагы жолборстун видеосу

19
Эгерде зарылдык жаралса, жолборстор өзүнүн узундугунан эки эсе ашык болгон бийик тоскоолду жеңип өткөнгө жөндөмдүү. АКШнын Оклахома-Сити штатынын аймагындагы зоопарктагы жолборс бийиктикке секирүү жагынан көптөрдү таң калтырды.

"National Geographic Россия" сайтынын жазганына караганда, Густи аттуу бул жырткыч учурда төрт жашта. Ал аталган зоопаркта жашап жаткан суматра тукумундагы жолборстордун экинчи мууну.

Кадрдан калың түркүктүн башына коюлган тамакты алыш үчүн кадыресе эле чоң жолборстун күчүнүн болушунча секирип, акыры алып түшкөнүн көрүүгө болот. Жырткыч секирип эле кайра жерге түшпөстөн, жыгачтын чокусундагы тамакты илип кеткенге үлгүргөнү даана тартылып калган.

Жапайы жаратылышта бул тукумдагы жолборстор 15-20 жыл, ал эми зоопаркта 25 жылга чейин жашайт. Видеодогу Густи азыр күчкө толуп турган кези. Суматра тукумундагы жолборстор азыр жоголуп бара жаткан жаныбарлардын катарына кирет. Сайт алардын Индонезиянын токойлорунда 500дөйү гана калганын жазды.

19
Белгилер:
жолборс, зоопарк, тамак, видео
Тема боюнча
Баткак соруп бараткан пилди адамдар куткарып калды. Окуянын сүрөт, видеосу
Тап берип, сүр көрсөтүп. Буйволдун кабыландын баласын коргогон видеосу

Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү

0
(жаңыланган 22:23 04.08.2021)
Чогулгандар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты. Балбан кыз өлкөгө Олимпиададан күмүш медаль алып берди.
Люди на площади во время прямой трансляции финального поединка Айсулуу Тыныбековой на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Айсулуу Тыныбекованы Олимпиада оюндарындагы финалда колдоо үчүн миңдеген кыргызстандыктар "Ала-Тоо" аянтына чогулду. Алар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты. Финалдык кармашта кыргызстандык балбан 4:3 эсеби менен япониялык Юкако Каваиге утулуп калды.

Люди на площади во время прямой трансляции финального поединка Айсулуу Тыныбековой на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Алар "Айсулуу, Кыргызстан!" деп кыйкырып жатышты

Токиодогу Олимпиада Кыргызстандын тарыхында эң ийгиликтүүсү болду. Өлкөгө Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль алып берди.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Айсулуу Тыныбекова, 'Ала-Тоо' аянты, эл, финал, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
О, кудай! Садыр Жапаров жубайы менен Айсулуунун беттешин көргөн видеосу
Айсулуунун жашы токтобой. Бүткүл Кыргызстанды ыйлаткан видео