Лукашенко Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кирүүсү жөнүндө мыйзамга кол койду

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүБелоруссиянын президенти Александр Лукашенко. Архив
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссиянын башчысы КР уюмга кирүүсү боюнча документке 15-июлда эле кол койгон. Ага чейин ушул эле документти РФ президенти Владимир Путин да ратификациялаган.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу мыйзамга кол койгонун мамлекеттин улуттук-укуктук порталы жарыялайт.

Сариев ЕАЭБдин алкагында чек араларды ачууга бардык органдар даяр болушун эскертти
Өлкө башчысы КРдин уюмга кирүүсү боюнча документке 15-июлда эле кол койгон. Ага чейин ушул эле документти РФ президенти Владимир Путин да ратификациялаган.

21-май күнү Кыргызстан республиканын уюмга кошулушу тууралуу келишимди ратификациялаган.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариев 25-июлдан тарта Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болорун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0