Майкл Жексондун үн режиссеру анын чыга элек жыйырма ырын сактап жүргөн

© Фото / Sony Pictures Releasing CIS / Медиабанкка өтүүПоп-музыканын падышасы Майкл Жексон. Архив
Поп-музыканын падышасы Майкл Жексон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Поп-музыканын падышасы Майкл Жексондун мурдагы үн режиссеру Майкл Дарэм Принс ырлардын атын жазганга да, аларды угууга алып чыкканга да азырынча укугу жок экенин айтат.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Поп-музыканын падышасы Майкл Жексондун мурдагы үн режиссеру Майкл Дарэм өз компьютеринде ырчынын жарыкка чыга элек жыйырма ырын сактап жүрөт. 

Үн режиссер Жексон менен 1995-жылдан тарта 2009-жылы ырчы дүйнөдөн кайтканга чейин иштеген. Дал ушул үн режиссерунун урматына эстрада жылдызы баласын Принс Майкл атаган.

"Менин компьютеримде Майклдын жарыкка чыкпаган жыйырма ыры калган. Бирок алардын атын жазганга да, же угууга алып чыкканга да азыр укугум жок", — деген Принс Parisien француз гезитине берген маегинде. 

Үн режиссерунун айтымында, бул ырлар Жексондун күйөрмандарына жетиши үчүн, аларды Жексон менен кошо "аягына жеткире ырдай" ала турган бирөө болушу керек. Себеби жазылып калган чыгармаларда поп-музыка падышасы ырларынын кайырмаларын аткарган эмес. "Муну Жексондун үй-бүлөсү, мураскорлору чечет", — деди Принс.

Аккордеон. Архивн - Sputnik Кыргызстан
Ырдалбай калган ырлар. Токон Эшпаев бүгүн 65 жашка чыкмак
2010-жылы ырчынын өлгөндөн кийинки Michael аталган алгачкы альбому, 2014-жылы экинчи Xscape альбому чыккан. Жексондун үй-бүлөсү он диск чыгарууга Sony лейблы менен келишим түзгөн. Дисктердин арасында эски альбомдордун кайра чыгарылышы жана мурда чыкпаган жаңы ырлары да болот.

Майкл Жексон 2009-жылы 25-июнда жүрөгү токтоп калып, 50 жашында көз жумган. Ырчы Лондондо бере турган 50 концерке даярдануу учурунда күчтүү дарыларды ашык ичип алгандыктан каза болгон деп айтып келишет. Артист Лос-Анджелесте коюлган. 

Поп-музыка падышасы көзү өтүп кеткенине карабай, анын чыгармачылыгы жана ысымы ырчынын мураскорлоруна жыл сайын миллиондогон доллар киреше алып келет. Times Media Company маалыматына ылайык, 2009-жылдан бери алар 600 миллион доллар акча табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0