Асад: бир аймакты сактап калыш үчүн, экинчисин таштап кетүүдөбүз

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүСириянын президенти Башар Асад. Архив
Сириянын президенти Башар Асад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириянын президенти Башар Асад өлкөнүн аскер кызматкерлери сактап калуу үчүн зарыл болгон аймактарга күчтөрдү топтоо үчүн айрым аймактарды таштап кетүүгө кээде аргасыз болуп жатканын моюнга алды.

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Сириянын аскерлери өз күчтөрүн олуттуу мааниге ээ аймактарды коргоп калууга жумшоо үчүн кайсы бир жерлерди таштап кетүүгө аргасыз болуп жатканын өлкөнүн пезиденти Башар Асад жекшемби күнкү телекайрылуу учурунда билдирген.

"Кээде айрым бир жагдайларга жараша биз сактап калалы деген жерлерге күчөрдү топтоо үчүн башка бир аймактарды таштап кетүүгө аргасыз болуп жатабыз", — деген президенттин сөздөрүн Рейтер агенттиги келтирет. 

Сириянын президенти согушчандар менен күрөш ийгиликсиз болуп жатышынын бир себебин атады. 

"Баары жеткиликтүү (биздин аскерлер үчүн), бирок адам жөндөмү жетишсиз", — деди Асад.

Сирияда 2011-жылдын мартынан бери куралдуу кагылышуу жүрүп, натыйжада, БУУнун маалыматы боюнча, 220 миңден ашык адам курман болгон. Өкмөттүн аскерлери ар түрдүү куралдуу топторго кирген согушчандарга каршылык көрсөтүп келет. Эң активдүү деп "Ислам мамлекети" жана "Жебхат ан-Нусра" экстремисттик топтору эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0