Япондуктар Хиросима менен Нагасакини бомбалаганы үчүн АКШнын кечирим сурашын күтүүдө

© AFP / KAZUHIRO NOGIЯпония жашоочулары Хиросима шаарында. Архив
Япония жашоочулары Хиросима шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында япондуктардын 61 пайызы АКШ Хиросима менен Нагасакини бомбалаганы үчүн кечирим сурашы керек деп эсептейт. Япондуктардын болгону 11 пайызы кечирим суроонун зарылдыгы жок экенин айтышууда.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Сурамжылоого катышкан япондуктардын көпчүлүгү Хиросима менен Нагасакини бомбалаганы үчүн АКШ кечирим сурашы керек деп эсептесе, сурамжылоого катышкандардын 74 пайызы бомба таштоолорду ошол кезде  согуш жүрүп жаткандыгы менен актоого болбой турганын, анткени анда өтө көп тынч жашаган адам каза болгонун белгилейт.

Япониянын ТИМи ИМ аскерлери япон жарандары барымтага алганы аныктыгын текшерүүдө
Мындай маалымат "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Populus компаниясы тарабынан эл аралык Sputnik маалымат агенттиги үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында белгилүү болду.

"АКШ 1945-жылдагы Хиросима менен Нагасакини бомбалоонун курмандыктарынан расмий кечирим сурашы керекпи же жокпу?" деген суроого япондуктардын көпчүлүгү (61 пайызы) кечирим сурашы керек деп жооп берген. Сурамжылоого катышкандардын калган 11 пайызы кечирим суроонун зарылдыгы жок деп эсептейт. Респонденттердин 30 пайызы суроого жооп берүүдө кыйналышты, мындайлар 18ден 24 жашка чейинки жаш адамдардын арасында көп кездешкен. 

Сурамжылоонун экинчи бөлүгүндө "Хирасима менен Нагасакини бомбалоо узакка созулуп кетүү кооптуулугу бар согуштун аягына чекит койду" деген пикир менен япондуктардын болгону 10 пайызы гана макул болду. Ал эми "бомболоону согуш менен актоого болбойт" деген пикирге сурамжылоого катышкандардын 74 пайызы кошулду.

Сурамжылоо "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Populus компаниясы тарабынан эл аралык Sputnik маалымат агенттиги үчүн 29-июлдан 2-августка чейин жүргүзүлдү. Мында сурамжылоого 18 жаштан 64 жашка чейинки 1004 япондуктар катышты.

Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын тургундары альтернативалуу көз караштарды угууну каалайт
Коомдук пикирди иликтөө долбоору 2014-жылдын июль айында башталган. Японияда өткөн сурамжылоонун өнөктөшү белгилүү британиялык Populus изилдөө компаниясы болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында актуалдуу жана саясий маселелер боюнча дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринде байма-бай сурамжылоо жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — мультимедиалык маалымат хабы. Анын өкүлчүлүгү ондон ашык мамлекетте бар. Sputnik мультимедиалык хабы өзүнө сайттырды, радиоуктурууларды, мобилдик тиркемени камтыйт. Андан сырткары, социалдык тармактарда баракчалары бар. Sputnik агенттиги дүйнөдө болуп жаткан окуяларды дүйнөнүн отуздан ашык тилинде маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0