Афганистандагы "Ислам мамлекетинин" башчыларынын бири жок кылынды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүРадикалдуу "Ислам мамлекетинин" желеги. Архив
Радикалдуу Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гильменд шаарына жакын жерде афган аскерлери сокку жасап, "Ислам мамлекетинин" согушчандарынын башчысы Сулеймандан сырткары, дагы төрт террорчуну жок кылды.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. "Ислам мамлекетинин" согушчандарынын башчыларынын бири Афганистандын түштүгүндө жок кылынды деп билдирди Press TV телеканалына жеригиликтүү полиция кызматкери Шах Махмуд Ашна.

Анын айтымында, Гильменд шаарына жакын жерде афган аскерлери сокку жасаган учурда "Ислам мамлекетинин" согушчандарынын башчысы Сулеймандан сырткары, дагы төрт террорчуну жок кылды.

Путин менен Эрдоган "Ислам мамлекетине" каршы биргелешип күрөшүүнү талкуулашты
Ашна өкмөттүк аскерлердин арасында зыянга учурагандар жоктугун кошумчалады.

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөлүк коопсуздукка коркунуч жараткан эң ири күчтөрдүн бири. Үч жыл ичинде террористтер Ирак менен Сириянын олуттуу жерлерин басып алган. Ошондой эле алар Түндүк Африка өлкөлөрүндө, атап айтканда, Ливияда үстөмдүк кылуу аракетин көрүүдө.

Ар кандай маалыматтар боюнча, ИМдин карамагындагы жер 90 миң чарчы чакырымга жетет. Ал аймакта террористтер халифат жарыялап, өз мыйзамдарын жана бийлик органдарын киргизген. Экстремисттик уюмга ар кандай божомолдоолор боюнча 50 миңден 200 миңге чукул адам мүчө.

"Ислам мамлекети" уюму дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири жөнүндө Sputnik инфографикасында көрө аласыздар >> 

Жаңылыктар түрмөгү
0