"Талибандын" 50гө жакын согушкери Афганистанда жок кылынды

© AFP / Noorullah ShirzadaРадикалдык "Талибан" кыймылы. Архив
Радикалдык Талибан кыймылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо министринин маалыматына караганда, Афганистан скерлери ар кайсы провинцияларда бир нече атайын операцияларды өткөрүп, жыйынтыгында 50гө жакын терророчулар өлүп, 38и жарадар болду.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Радикалдык "Талибан" кыймылынын 50гө чукул согушкерин бир күндө Афганистан аскерлери жок кылды. Бул туурасында аталган өлкөнүн коргоо министри маалымдады.

"Афганистан аскери өткөн сутка ичинде провинцияларда тазалоо иштерин жасап, жыйынтыгында 50гө чукул терророчулар өлүп, 38и жарадар болду", — деп билдирди Синьхуа Коргоо министрлигинин маалыматына таянып. 

Талибдер Афганистанда өкмөткө таламдаш аксакалды өлтүрүштү
Операция учурунда Афган аскерлери 6 кишисинен ажыраган, алар атышууда жана коюлган мина жарылып кеткенде курман болушкан. Саперлер жол четиндеги 32 минаны зыянсыздандырган. 

Афганистандын жеринде "Талибан" радикалдуу кыймылы автивдүү. Өкмөттүн аскерлери согушкерлерге каршы атайын операцияларды такай жүргүзүп турат. Мындай тирешүүлөрдүн курмандыгы көп учурда карапайым тургундар болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0