Москва шаарынан 25 жаштагы кыргызстандык аял дайынсыз жоголду

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы кызыл аянт. Архив
Москва шаарындагы кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Айпери Маматкадырова 4-августта эртең менен документ толтуруп келем деп чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Москва шаарынан 25 жаштагы кыргызстандык аял дайынсыз жоголгонун "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Айпери Маматкадырова (Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну) 4-августта эртең мененки саат сегиздерге Новокузнецк метросу жактан документ толтуруп келем деп үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. 

Айперини көрүп-билгендер болсо, жакындары 8 9688699264 телефонуна чалып кабарлап коюну өтүнүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0